Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө Жобо


Кыргыз Республикасынын Президентинин
2009-жылдын 24-февралындагы
N 131 Жарлыгы менен
бекитилген

Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар
боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө Жобо

I. Жалпы жоболор
II. РЖМКнын негизги милдеттери
III. РЖМКнын функциялары
IV. РЖМКнын укуктары
V. РЖМКнын курамы
VI. РЖМКнын чечимдерин кабыл алуу тартиби
VII. РЖМКнын катчылыгынын компетенциясы

I. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясы (мындан ары - РЖМК) радиожыштыктар спектрин колдонуу жагында мамлекеттик органдардын ишин координациялайт.
РЖМК өз ишин коллегиялык негизде жана юридикалык жак түзбөстөн коомдук башталыштарда ишке ашырат. РЖМКнын катчылыгы болуп Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттиги эсептелет.
2. РЖМК өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген эл аралык келишимдерди, Эл аралык электр байланыш союзунун (ЭЭС) сунуштарын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.

II. РЖМКнын негизги милдеттери

3. РЖМКнын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- радиожыштыктар спектрин колдонууну башкаруу жагында пландаштырууну ишке ашыруу;
- радиожыштыктар спектрин колдонуу жагында мамлекеттик органдардын ишин борбордоштуруп координациялоону камсыз кылуу;
- мамлекеттик башкаруунун, өлкөнү коргоонун жана коопсуздугунун муктаждыктары үчүн байланыштын керектөөлөрүн камсыз кылууга шарттарды түзүү.

III. РЖМКнын функциялары

4. РЖМК милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн:
- жалпы дайындалыштагы маалыматты жигердүү коргоо каражаттарынын жана системаларынын башка радиоэлектрондук каражаттар менен электр магниттик шайкеш келиши жагында аларга болгон жалпы талаптарды макулдашат;
- сунуштарды, жалпы жол-жоболук эрежелерди иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын аймагында радиожыштыктар спектрин колдонуу тартибин аныктайт;
- радио кызматтарга радиожыштыктарды бөлүштүрүүнүн Улуттук таблицасын жана Кыргыз Республикасында радиоэлектрондук каражаттарды жана системаларды өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү концепциясын иштеп чыгат;
- "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен каралган башка функцияларды ишке ашырат.

IV. РЖМКнын укуктары

5. РЖМК төмөнкүлөргө укуктуу:
- радио электрондук каражаттарды пайдалануучулардан РЖМКнын компетенциясына кирген маселелер боюнча зарыл болгон маалыматтарды алууга;
- техникалык экспертиза, консультация өткөрүү, РЖМКнын карамагына кирген башка маселелерди иштеп чыгуу үчүн келишимдик негизде илимий-изилдөө мекемелерин жана окуу жайларын тартууга;
- кызыкдар мамлекеттик органдар менен макулдашып туруктуу негизде же убактылуу түрдө жумушчу топторду түзүүгө, радиожыштыктар спектрин бөлүштүрүү жана колдонуу жагында атайын маселелерди чечүү боюнча сунуштарды кароо жана иштеп чыгуу үчүн адистерди тартууга;
- "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен каралган башка укуктарга ээ.

V. РЖМКнын курамы

6. РЖМК РЖМКнын төрагасынан, жооптуу катчысынан жана мүчөлөрүнөн турат.
7. РЖМКны төрага башкарат, ал РЖМКнын ишин жетектейт жана ага жүктөлгөн функцияларды аткарууга жоопкерчилик тартат.
8. РЖМКнын курамы Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат.

VI. РЖМКнын чечимдерин кабыл алуу тартиби

9. РЖМК өз ишин РЖМКнын төрагасы бекиткен иш планына ылайык ишке ашырат.
10. РЖМКнын жыйналышын төрага өткөрөт. РЖМКнын мүчөлөрү жыйналыштарга ордуна башка адам жибербестен катышат.
РЖМКнын мүчөлөрү жыйналышта каралып жаткан маселелерди талкуулоодо жана алар боюнча чечим кабыл алууда добуш берүүгө бирдей укуктуу. Жооптуу катчы РЖМКнын жыйналышына добуш берүүгө укугу жок катышат.
Эгерде РЖМКнын жыйналышына анын мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышса ал чечим кабыл алууга укуктуу деп саналат. РЖМКнын чечимдери комиссиянын катышуучу мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү аркылуу кабыл алынат.
11. РЖМКнын жыйналыштары протоколдук чечимдер менен таризделет, алар төрага, РЖМКнын катышкан мүчөлөрү жана жооптуу катчы кол койгондон кийин күчүнө кирет. РЖМКнын протоколдук чечимдеринин негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана/же Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттигинин ченемдик укуктук актылары демилге кылынышы мүмкүн.

VII. РЖМКнын катчылыгынын компетенциясы

12. РЖМКнын катчылыгынын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- РЖМКнын ишин уюштуруу-техникалык жана башка жактан камсыз кылуу;
- РЖМКнын жыйналыштарын өткөрүү боюнча иштерди уюштуруу;
- радиожыштыктар спектрин колдонуунун натыйжалуулугуна мониторинг жана талдоо жүргүзүү;
- радиожыштыктар спектрин колдонууну өнүктүрүү жана өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- радиожыштыктар спектрин колдонууну өнүктүрүү жана өркүндөтүү боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун мамлекеттик органдар менен бирдикте даярдоо;
- РЖМКнын чечимдерине мониторинг, талдоо жүргүзүүнү жана контролдук кылууну ишке ашыруу.