Электрондук документ жана электрондук цифралык колтамга жөнүндө


(Кыргыз Республикасынын
2009-жылдын 2-ноябрындагы N 290 Мыйзамынын
редакциясына ылайык)

I Глава. Жалпы жоболор
I-1 глава. Электрондук документ
II Глава. Электрондук цифралык колтамганы пайдалануу принциптер
жана шарттары
III Глава. Электрондук цифралык колтамганын ачык ачкычтарын
күбөлүндүрүүчү борборлор
IV Глава. Электрондук цифралык колтамганы пайдалануу тартиби
V Глава. Корутунду жоболор

I Глава
Жалпы жоболор

1-статья. Ушул Мыйзамдын максаттары жана колдонуу чөйрөсү

1. Ушул Мыйзамдын максаттары төмөнкүлөр болуп эсептелет:
- электрондук документтерди колдонуунун укуктук негиздерин белгилөө;
- электрондук документтерге коюлуучу негизги талаптарды аныктоо;
- электрондук билдирүүлөр менен алмашуу процессинде электрондук цифралык колтамгаларды пайдалануу үчүн укуктук шарттарды камсыз кылуу, алар сакталганда электрондук цифралык колтамга өз колу менен коюлган колтамга катары таанылат;
- электрондук цифралык колтамгаларды күбөлөндүрүү боюнча кызматтарды көрсөтүүнүн укуктук шарттарын камсыз кылуу;
- электрондук документтерди жүргүзүү чөйрөсүндө пайда болуучу укук мамилелерине катышуучулардын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин белгилөө.
2. Ушул Мыйзамдын колдонулушу мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын юрисдикциясына караштуу юридикалык жана жеке жактарга да жайылтылат.
Мамлекеттик органдар жана өз алдынча башкаруу органдары бири-бирине маалыматтарды электрондук алмашуу аркылуу акысыз берип турушат.
3. Ушул Мыйзамдын колдонулушу өз колу менен коюлган колтамгалардын, дагы башка электрондук окшоштуктарына, анын ичинде жеке өзүнүн колтамгасынын цифралык чагылдырылышына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын резиденттери Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эларалык келишимдерге ылайык катышкан эларалык сертификаттардын негизинде пайдаланылуучу эларалык тутумдарга жайылтылбайт.
4. Электрондук цифралык колтамгаларды пайдалануу ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын дагы башка ченемдик укуктук актылары, ошондой эле тараптардын макулдашуулары менен жөнгө салынат.
(КР 2009-жылдын 2-ноябрындагы N 290 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

2-статья. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу түшүнүктөр

Ушул Мыйзамда төмөндөгүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:
электрондук билдирүү - электрондук эсептөө техникасын, маалыматты даярдоо, сактоо жана берүүнүн дагы башка электрондук каражаттарынын адам тарабынан бир гана мааниде кабыл алынышына ылайыктуу түрүнө өзгөртүп түзүлүшү мүмкүн болгон терилген элементтер түрүндө берилген маалымат;
электрондук түрүндө чагылдырылган документ (электрондук документ) - аны документ катары идентификациялоо үчүн белгилери болгон электрондук билдирүү;
электрондук цифралык колтамга (ЭЦК) - ЭЦКнын жабык ачкычын пайдалануу менен баштапкы маалыматтын кайра өзгөртүлгөнүнөн улам алынган символдордун ырааттуулугу, ал ЭЦКнын ачык ачкычын пайдаланууга, ошондой эле ЭЦКнын жабык ачкычынын ээсине бул мааламаттын бүтүндүгүн жана өзгөртүлбөстүгүн аныктоого мүмкүндүк берет;
ЭЦКнын каражаты - ЭЦКны иштеп чыгуу жана анын аныктыгын текшерүү иш-милдетин ишке ашырган программалык жана техникалык каражаттардын жыйындысы;
ЭЦКнын ачык ачкычы - ЭЦКны текшерүүгө арналган символдордун жалпы пайдалануудагы ырааттуулугу;
ЭЦКнын жабык ачкычы - ЭЦКны иштеп чыгууга арналган жана кол койгон адамга гана белгилүү болгон символдордун ырааттуулугу;
ЭЦКнын ачык ачкычын пайдалануучу - ЭЦКнын ачык ачкычын пайдалануучу жеке же юридикалык жак;
ЭЦКнын ачык ачкычынын сертификаты (колтамга ачкычынын сертификаты) - күбөлөндүрүүчү борбор тарабынан берилген жана ырасталган, ЭЦКнын ачык ачкычынын белгилүү бир адамга таандык экендигин тастыктаган документ;
колтамга ачкычынын сертификатынын ээси (сертификат ээси) - колтамга ачкычынын сертификаты берилген жана сертификатта көрсөтүлгөн тиешелүү ачык ачкычка шайкеш келген ЭЦКнын жабык ачкычына ээлик кылган жеке адамдын аты же юридикалык жак;
кол коюучу жак - электрондук билдирүүлөрдө ЭЦКны түзүүчү жеке же юридикалык жак - колтамга ачкычынын сертификатынын ээси же ЭЦКнын жабык ачкычы ишенип берилген анын өкүлү;
ЭЦКнын аныктыгын күбөлөндүрүү боюнча борбор (күбөлөндүрүүчү борбор) - ЭЦКнын айкын ачык ачкычынын сертификат ээсине таандык экендигин күбөлөндүрүү ыйгарым укугуна ээ болгон юридикалык жак же юридикалык жактын өзгөчөлөнгөн бөлүгү;
ЭЦКнын каражаттарына сертификат - сертификаттоонун тиешелүү тутумунун эрежелери боюнча берилген, бул каражаттын атайын талаптарга шайкештигин күбөлөндүргөн жана колдонуудагы белгилүү бир мөөнөттүн ичинде ал каражаттын ЭЦКсын иштеп чыгуу жана текшерүү аспабы катары пайдалануу мүмкүндүгүн кепилдеген документ;
ЭЦКнын аныктыгын тастыктоо - ЭЦКнын каттоодон өткөн жана сертификатталган ачык ачкычын пайдалануу менен алынган, ага тиешелүү ЭЦКнын жабык ачкычын колдонуу аркылуу баштапкы маалыматтарынан ыйгарым укуктуу жак тарабынан иштелип чыккан, ЭЦКнын тууралыгын текшерүүнүн оң натыйжасы;
убакыт мөөрү - электрондук цифралык колтамга коюлган электрондук билдирүүдөгү электрондук цифралык колтамгага байланыштуу болгон бул белгини киргизүүчү ыйгарым укуктуу адам тарабынан жасала турган жана анын электрондук цифралык колтамгасы менен күбөлөндүрүлгөн күндүн, убакыттын жана жактын киргизилиши.
машиналык сактагыч - маалыматтарды техникалык каражаттардын жардамы менен жазуу жана сактоо үчүн колдонулуучу материалдык сактагычтар;
электрондук документтерди жүргүзүү - маалыматтык жана коммуникациялык технологияларды колдонуу менен электрондук документтерди түзүү, иштеп чыгуу, жөнөтүү, берүү, алуу, сактоо, өзгөртүү, жок кылуу процесстеринин жыйындысы;
маалыматтык система - электрондук документтерди түзүү, иштеп чыгуу, жөнөтүү, алуу, сактоо, бүтүндүгүн текшерүү үчүн колдонулуучу программалык, программалык-аппараттык жана аппараттык каражаттардын, методдордун жана жол-жоболордун комплекси.
(КР 2009-жылдын 2-ноябрындагы N 290 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

2-1-статья. Электрондук документти айландыруу чөйрөсү

1. Электрондук документ маалыматтарды түзүү, иштеп чыгаруу, жөнөтүү, алуу жана сактоо үчүн зарыл болгон программалык жана техникалык каражаттар колдонулган иштин бардык чөйрөсүндө жеке жана юридикалык жактар тарабынан пайдаланышы мүмкүн. Электрондук документтердин жардамы менен бүтүмдөр түзүлүшү, финансылык эсептөөлөр жүргүзүлүшү, кат алышуулар жүзөгө ашырылышы жана документтер жана башка маалыматтар берилиши мүмкүн.
2. Электрондук документтердин колдонулушун чектөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда белгилениши мүмкүн.
3. Электрондук документтер байланыштын бардык каражаттарынын, эгерде бул анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамына каршы келбесе, маалыматтык системалардын жана түйүндөрдүн жардамы менен жөнөтүлүшү мүмкүн.
(КР 2009-жылдын 2-ноябрындагы N 290 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

2-2-статья. Электрондук документтерди пайдалануу жаатында
мамилелерди укуктук жөнгө салуу

1. Ушул Мыйзам электрондук документтерди айландыруу чөйрөсүндө укуктук мамилелерге катышуучулардын укуктарын, милдеттерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыздоого, аны түзүүдө, иштеп чыгарууда, берүүдө, алууда, сактоодо маалыматтарды коргоону камсыздоого жана башка максаттарга багытталган.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү электрондук документти пайдалануу жана электрондук цифралык колтамга жаатында механизмдерди жүзөгө ашырууга жана ишке киргизүүгө багытталган чараларды көрөт.
(КР 2009-жылдын 2-ноябрындагы N 290 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

I-1 глава
Электрондук документ

(Глава КР 2009-жылдын 2-ноябрындагы N 290 Мыйзамынын
редакциясына ылайык)

2-3-статья. Электрондук документке коюлуучу негизги талаптар

Электрондук документ төмөнкү талаптарга ылайык болушу керек:
программалык жана техникалык каражаттардын жардамы менен түзүлүүгө, иштелип чыгууга, берүүгө, алууга, сактоого жана жок кылууга;
ушул Мыйзам менен белгиленген түзүмгө ээ болууга жана аны идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү реквизиттерди камтууга;
Конституцияга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбөөгө.

2-4-статья. Электрондук документтин түзүмү

1. Электрондук документ жалпы жана өзгөчө болуп ажыратылгыс эки бөлүктөн турат.
2. Электрондук документтин жалпы бөлүгү документтин мазмунун жана алуучу тууралу маалыматты түзгөн информациядан турат.
3. Электрондук документтин өзгөчө бөлүгү ушул Мыйзамда каралган шарттарга жана талаптарга ылайык келген бир жана бир нече ЭЦКдан турат.

2-5-статья. Электрондук документти берүү формасы

1. Электрондук документ ички жана сырткы формада берилиши мүмкүн.
2. Электрондук документти ички формада берүү машиналык сактагычта жазылган электрондук документти түзүүчү маалыматтар болуп эсептелет.
3. Электрондук документти сырткы формада берүү электрондук документти дисплейдин экранында, кагаз бетинде же адамдын кабыл алуусу үчүн түшүнүктүү болгон түрдө (кошумча техникалык каражаттарсыз) жана формада машиналык сактагычтан көз менен көрө алгыдай башка материалдык объектте көз алдыга келтирүүсү болуп эсептелет.

2-6-статья. Электрондук документтин түп нускасы

1. Электрондук документтин түп нускасы машиналык сактагычта гана болот. Электрондук колтамга коюлган, машиналык сактагычта жазылган бири экинчисине окшош болгон электрондук документтин баардык нускалары түп нуска болуп эсептелет жана бирдей юридикалык күчкө ээ.
2. Мазмуну боюнча окшош документтер кагаз бетинде жана электрондук документ түрүндө бир жак тарабынан түзүлгөн учурда, эки документ тең өз алдынча документ болуп таанылат.
3. Электрондук документ төмөнкүлөрдүн түп нускасы катары колдонула албайт:
1) мураска ээ болуу укугу жөнүндө күбөлүктүн;
2) мурас кагаздын;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бир гана түп нускада түзүлө турган документтин, буга аталган электрондук документтердин түп нускаларын борбордук сактоо жайдын болушу каралган учурлар кирбейт;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда.

2-7-статья. Электрондук документтин көчүрмөлөрү жана аларды
күбөлөндүрүү

1. Электрондук документтин көчүрмөлөрү электрондук документтин сырткы көрүнүш формасын кагаз бетине түшүрүү аркылуу түзүлөт.
2. Кагаз бетине түшүрүлгөн электрондук документтердин көчүрмөсүндө тиешелүү электрондук документтин көчүрмөсү экендиги көрсөтүлүшү керек жана кагаз бетине түшүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрүн күбөлөндүрүү үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте күбөлөндүрүлүүгө тийиш.

2-8-статья. Электрондук документтин юридикалык күчү

1. Машиналык сактагычтагы электрондук документ кагаз бетиндеги документке теңештирилет жана бирдей юридикалык күчкө ээ.
2. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдары документтин жазуу жүзүндө таризделишин талап кылса, анда электрондук документ ушул талаптарга ылайыктуу деп эсептелет.
3. Электрондук документтердин түп нускалары жана алардын кагаз бетиндеги көчүрмөлөрү ушул Мыйзамдын 2-7-статьясынын талаптарына ылайык бирдей юридикалык күчкө ээ.
4. Эгерде электрондук документти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык нотариалдык күбөлөндүрүү жана (же) мамлекеттик каттоо талап кылынса, мындай күбөлөндүрүүгө жана (же) мамлекеттик каттоодон өтүүгө электрондук документтин өзү, ошондой эле анын кагаз бетиндеги көчүрмөсү тийиштүү болот.

2-9-статья. Электрондук документтерди сактоо

1. Электрондук документтерди сактоо электрондук документтерди айландыруунун катышуучулары жана архив ишин жана документтештирилген маалыматты сактоо боюнча ишти жүзөгө ашыруучу уюмдар тарабынан жүргүзүлөт.
2. Электрондук документтерди сактоо мөөнөтү ушул сыяктуу документтер үчүн кагаз бетинде мыйзамдарда каралган мөөнөттөн аз болбошу керек.
3. Электрондук документтерди сактоонун тартиби, шарттары жана өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.

2-10-статья. Электрондук документти коргоо

1. Электрондук документтерди түзүү, иштеп чыгуу, берүү, алуу жана сактоо менен алектенген жактар ушул документтерди коргоонун зарыл болгон деңгээлин камсыздоочу программалык жана техникалык каражаттарды пайдаланышы керек.
2. Электрондук документтерди жана анда камтылган маалыматты коргоонун зарыл деңгээли электрондук документтерди айландырууну уюштуруу үчүн маалыматтык системаларды жана тармактарды пайдаланууда ошол системалардын жана тармактардын ээси тарабынан камсыздалат.
3. Маалыматтык системалардын жана тармактардын коопсуздугун камсыздоо боюнча негизги шарттар Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.

2-11-статья. Жайылтууга тыюу салынган же чектелген маалыматтарды
камтуучу электрондук документтер

1. Электрондук документтер жайылтууга тыюу салынган же чектелген мамлекеттик, кызматтык же коммерциялык сыр болуп эсептелген маалыматты камтышы мүмкүн.
Мындай маалыматтарды колдонуу эрежелери жана коргоо чаралары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленет.
2. Ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматты камтуучу электрондук документтер менен иш жүргүзүү функциясына ээ мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана юридикалык жактар, алардын кызмат адамдары, ошондой эле жеке жактар аны коргоонун зарыл чараларын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыздоого милдеттүү.

2-12-статья. Банк аралык иштерде электрондук документтерди
айландыруу чөйрөсүндөгү укуктук мамилелер

1. Банк аралык иштерде электрондук документтерди айландыруу чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекти болуп Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, ошондой эле банктар жана финансы-кредиттик мекемелер эсептелет.
2. Банк аралык иштерде электрондук документтерди айландыруу чөйрөсүндө субъекттердин ортосундагы мамилелер макулдашуулардын негизинде түзүлөт.
3. Кыргыз Республикасынын аймагында банк аралык системаларда банктардын жана финансы-кредиттик мекемелердин электрондук документтерди пайдалануу тартиби Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленет.

II Глава
Электрондук цифралык колтамганы пайдалануу
принциптер жана шарттары

3-статья.

Электрондук цифралык колтамгага жүктөлгөн милдет жана укуктук режим.
1. ЭЦК кол койгон адамдын жеке өзүнүн колтамгасы катары таанылат жана электрондук билдирүү түрүндө берилүүчү кайсыл болбосун маалыматтын бүтүндүгүн жана өзгөртүлбөстүгүн тастыктоо үчүн пайдаланылат. Кол коюп жаткан жактын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сатып алынган ЭЦКнын чектелбеген сандагы жабык ачкычы болушу мүмкүн.
2. ЭЦКнын кол коюлган электрондук билдирүүлөрүнүн бардык нускалары түп нусканын күчүнө ээ.
3. ЭЦК Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын ченемдерин сактоо менен жеке жана юридикалык жактар, мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары тарабынан колдонулушу мүмкүн.
4. ЭЦКны колдонуу чөйрөсүн чектөөнүн жалпы тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет.
5. Келшыимдик мамилелерде ЭЦКны пайдаланууга чек коюулар тараптардын келишимдеринде белгилениши мүмкүн.
6. Ушул Мыйзамдын, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын жана (же) тараптардын келишимдеринин талаптары сакталган учурда ЭЦК жеке адамдын, ошондой эле юридикалык жактын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн өз колу менен койгон колтамгасы менен бирдей деп таанылат, эгерде:
- анын аныктыгы күбөлөндүрүүчү борбордун колтамгасынын ачкычынын сертификатына ээ болгон ЭЦКнын ачык ачкычынын жардамы менен аныктыгы текшерүүдөн өткөн болсо;
- кол койгон жак ЭЦКны түзүү үчүн пайдаланылган жабык ачкычка ээлик кылуу укугуна ээ болсо;
- колтамганын ачкычынын сертификаты кол койгон учурда күчүндө болсо.
7. Жашы жетпеген жарандар Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын ченемдерин сактоо менен ЭЦКны пайдалануу, колтамга ачкычынын сертификатын алуу жана ЭЦК каражаттарын сатып алуу укугуна ээ болот.
8. Юридикалык жакты күбөлөндүрүүчү колтамга ачкычынын сертификаты ушул ачкычты пайдаланууга ыйгарым укуктуу кызмат адамынын аты-жөнүн көрсөтүүсүз эле мыйзамдын же юридикалык жактын уюмдаштыруу документтеринин күчүнө ылайык анын атынан иш алып барган жакты күбөлөндүргөн сертификат болуп саналат.

4-статья. Электрондук цифралык колтамганын каражаттары

1. ЭЦКнын каражаттары маалыматтардын купуялуулугун камсыз
кылган каражаттарга кирбейт.
2. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башка тартип белгиленбесе, ЭЦКнын ачкычтарын түзүү ЭЦКнын каражаттарынын ээлери тарабынан жүзөгө ашырылат.
3. ЭЦКнын каражаттарын сертификаттоо товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сертификаттоо жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
4. ЭЦКнын сертификатталбаган каражаттарын пайдаланууга жол берилет. Мында ЭЦКнын сертификатталбаган каражаттарына ээлик кылуучу (жабык ачкыч ээси) сертификатталбаган каражат тарабынан түзүлүүчү ЭЦКнын ачык ачкычынын жоктугу тууралу бардык пайдалануучуларга билдирүүгө милдеттүү.
Муну жасабаган учурда ЭЦКнын сертификатталбаган каражаттарына ээлик кылуучу аны түзүү үчүн ЭЦКнын сертификатталбаган каражаттарын пайдалануунун кесепетинен ачык ачкычты пайдалануучулар тарткан чыгымдар үчүн жоопкерчилик тартат.
Билдирилген ЭЦКнын сертификатталбаган каражаттарын пайдаланган учурда чыгаша тобокелдигин жабык ачкыч ээси жана ЭЦКнын ачык ачкычын пайдалануучу тартат.

5-статья. Электрондук цифралык колтамганын ачык ачкычын
пайдалануучунун жана жабык ачкычынын ээсинин
укуктары жана милдеттери

1. ЭЦКнын ачык ачкычын пайдалануучу төмөндөгүлөрдү тастыктап алуу үчүн колтамганын ачкычынын сертификатын берген күбөлөндүрүүчү борборго кайрылууга укуктуу:
- колтамга ачкычынын ушул сертификатында камтылган маалыматтарды;
- ЭЦКнын аныктыгын.
2. ЭЦКнын ачык ачкычын пайдалануучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык колтамганын бул ачкычынын сертификатында камтылган жеке маалыматтардын корголушун камсыз кылууга милдеттүү.
3. ЭЦКнын жабык ачкычына ээлик кылуучу жабык ачкычтын тиешелүү түрдө корголбошунун кесепетинен жабык ачкычты санкцияланбаган пайдалануудан улам келип чыккан чыгашалар үчүн ачкычты пайдалануучунун алдында жоопкерчилик тартат.
4. ЭЦКнын жабык ачкычына ээлик кылуучу, эгерде жабык ачкычтан пайдаланууга чек коюучу режимди бузууга жол берилгендиги жөнүндө билген болсо же жол берилди деп болжолдосо, сертификаттын колдонулушун токтото турууну же аны жок кылууну колтамга ачкычынын тиешелүү сертификатын берген күбөлөндүрүүчү борбордон талап кылууга милдеттүү.
(КР 2009-жылдын 2-ноябрындагы N 290 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

6-статья. Колтамга ачкычынын сертификаты

1. Колтамга ачкычынын сертификатында милдеттүү түрдө көрсөтүлүүгө тийиш болгон төмөндөгү маалыматтар камтылууга тийиш:
- юридикалык жактын аталышы же ЭЦКнын жабык ачкычына ээлик кылуучунун - жеке жактын аты-жөнү же жашыруун аты;
- ЭЦКнын ачык ачкычы;
- колтамга ачкычынын сертификатынын номери, анын колдонуу мөөнөтү башталган жана бүткөн күн;
- ЭЦКны анын ошол ачык ачкычы менен кошо пайдаланууга боло турган ЭЦК каражаттарынын аталышы, бул каражатка берилген сертификаттын номери жана анын колдонуу мөөнөтү, ушул сертификатты берген сертификаттоо борборунун аталышы жана юридикалык дареги;
- колтамга ачкычынын сертификатын берген күбөлөндүрүүчү борбордун аталышы жана юридикалык дареги;
- колтамга сертификатын берген күбөлөндүрүүчү борбордун ЭЦКсынын ачык ачкычын күбөлөндүрүү ыйгарым укугу берилген мамлекеттик органдын аталышы жана юридикалык дареги;
- ЭЦКнын түрүнө же колдонуу чөйрөсүнө коюлган чектөөлөр тууралу маалыматтар;
- сертификаттын ээсинин өкүлүнүн ыйгарым укуктары жөнүндөгү маалыматтар;
- колтамга ачкычынын ошол сертификаты катталган сертификаттар ээсинин жалпыга жеткиликтүү реестрин жана ошол реестр жарыяланган жерди идентификциялоого мүмкүндүк берүүчү маалыматтар;
- ушул Мыйзамдын 16-статьясынын 3-пунктунда каралган жоопкерчиликтерди чектөөлөр.
2. Тараптардын жалпы макулдугу болгон учурда ЭЦКнын ачык ачкычын пайдалануучуларга берилүүчү колтамга ачкычынын сертификатында камтылган маалыматтардын тизмеги кыскартылышы мүмкүн.
3. Сертификаттын ээси жөнүндөгү дагы башка маалыматтар колтамга ачкычынын сертификатына анын жазуу жүзүндөгү макулдугунун негизинде гана киргизилиши мүмкүн.

7-статья. Колтамга ачкычынын сертификаттарын сактоо мөөнөттөрү

Колтамга ачкычынын сертификаттарын күбөлөндүрүүчү борборлордо сактоо мөөнөтү Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында белгиленет, бирок ал беш жылдан кем болбоого тийиш.
Эгерде колтамга ачкычынын сертификаты жокко чыгарылса, ал ЭЦКнын ачык ачкычы менен кошо архивге сакталганга берилет. Сактоо мөөнөтү Кыргыз Республикасынын архив мыйзамдарына ылайык белгиленет.

III Глава
Электрондук цифралык колтамганын ачык ачкычтарын
күбөлүндүрүүчү борборлор

8-статья. Күбөлөндүрүүчү борборлордун укуктук статусу

1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн юридикалык жактар күбөлөндүрүүчү борбор боло алат. ЭЦКнын ачык ачкычтарын күбөлөндүрүү юридикалык жактын ишинин башка түрлөрү менен катар эле жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
2. ЭЦКнын ачык ачкычтарын күбөлөндүрүү боюнча иш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
3. Тиешелүү ыйгарым укуктарга ээ болбогон жактар тарабынан берилген колтамга ачыкычынын сертификаты жараксыз болуп саналат.
4. Күбөлөндүрүүчү борбордо өз ишин, ал тарабынан берилген колтамга ачкычынын сертификатына ниеттенишкен жактардын колтамга ачкычынын сертификатынын мазмунунун так эместигинин кесепетинен аталган жактар тарта турган чыгымдар үчүн тартышы мүмкүн болгон мүлктүк жоопкерчиликти жүзөгө ашыруу үчүн жетиштүү болгон финансы ресурстар (анын ичинде өзүнүн капиталы, карыздык каражаттар ж.б.) болууга тийиш.
Жогоруда белгиленген финансылык ресурстардын эң аз өлчөмү
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.
5. Күбөлөндүрүүчү борбордун ага тиешелүү болгон ЭКЦнын ачкычына сертификаты болууга тийиш, борбор аны менен колтамга ачкычтарына берилүүчү сертификаттарды күбөлөндүрөт.
Борбордун ачык ачкычына сертификат ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, кайсыл жак болбосун жалпы пайдалануудагы телекоммуникациялык каналдар же дагы башка жолдор менен бул орган тарабынан берилген колтамга ачкычтарынын сертификаттарын текшерүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуусун камсыз кылууга милдетүү.
6. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган күбөлөндүрүүчү борборлордун колтамга ачкычтарынын сертификаттарынын мамлекеттик жалпы колдонуудагы бирдиктүү реестрин жүргүзүүгө жана бул реестрден чектөөсүз пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү.
Күбөлөндүрүүчү борборлордун колтамга ачкычтарынын сертификаттарынын реестринде күбөлөндүрүүчү борборлордун даректери жана алардын колтамга ачкычтарынын сертификаттары, ошондой эле блокировкаланып салынган сертификаттар, кайсы бир күбөлөндүрүүчү борбордун ишинин токтотулгандыгы жөнүндө маалыматтар камтылууга тийиш.

9-статья. Күбөлөндүрүүчү борборлордун иши

1. Күбөлөндүрүүчү борбор колтамга ачкычынын сертификатын берүү жолу менен ЭЦКнын ачык ачкычынын айкын жакка таандык экендигин тастыктайт.
Күбөлөндүрүүчү борбор ЭЦКнын ачык ачкычынын аныктыгын тастыктоого укуктуу.
2. Күбөлөндүрүүчү борбордо ЭЦК жабык ачкычынын ээсин каттоодон өткөрүү жана колтамга ачкычынын сертификатын берүү жазуу жүзүндө түзүлгөн табыштаманын негизинде жүргүзүлөт.
Табыштамада билдирүүчү - юридикалык жак же жаран жөнүндөгү маалыматтар бул борбордун өз милдеттерин аткаруу үчүн керек болгон көлөмдө камтылууга тийиш. Мында күбөлөндүрүүчү борбор тиешелүү маалыматтардын аныктыгын тастыктоону билдирүүчүдөн талап кылууга укуктуу.
3. Колтамга ачкычынын сертификатын берген учурда күбөлөндүрүүчү борбор төмөндөгүдөй кепилдиктерди берет:
- сертификатта камтылган маалыматтардын аныктыгына;
- сертификаттын ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын дагы башка мыйзам актыларынын талаптарына ылайык келишин, анын ичинде сертификатта анын ынанымдуулугу үчүн өтө маанилүү болгон ушул Мыйзамда каралган маалыматтардын болушун же маалыматтарды шилтеме түрүндө сертификатка киргизилишине;
- сертификаттын ЭЦКнын жабык ачкычынын мыйзамдуу ээси тарабынан алынышына;
- ЭЦКнын жабык ачкычынын сертификатын берген учурда жабык ачкычтын ээси тарабынан тастыкталган ачык ачкычка шайкеш келишине;
- күбөлөндүрүүчү борбордо сертификатты алуучу жөнүндөгү ушул Мыйзамда каралган бардык маалыматтардын болушуна.
4. Күбөлөндурүүчү борбордун ушул статьяда белгиленген кепилдиктерди берүүдөн баш тартуусун караштырган же аларды чектеген кандай болбосун келишим жараксыз болуп саналат.
5. Жабык ачкычтын ээсинин же анын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, же болбосо жабык ачкычты пайдалануучунун талабы боюнча күбөлөндүрүүчү борбор электрондук билдирүүнү жабык ачкычтын ээси тарабынан кол коюлган убакыт мөөрү менен камсыз кылууга милдеттүү.
6. Күбөлөндүрүүчү борбор колтамга ачкычтарынын сертификаттарынын жалпыга жеткиликтүү реестрине сертификат ээси жөнүндөгү маалыматтарды киргизүүгө жана бул реестрден чектөөсүз пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү.
Күбөлөндүрүүчү борбор бул реестрди өзалдынча жүргүзүүгө же ушул ишти жүзөгө ашыруу үчүн үчүнчү жактын кызматынан пайдаланууга укуктуу.
7. Күбөлөндүрүүчү борбор кайсыл болбосун жакка телекоммуникациялык каналдарды же дагы башка жолдорду пайдалануу менен жабык ачкычтын ээсине (сертифкат ээсине) ЭЦКнын ачык ачкычынын тиешелүү экендигине ынануу мүмкүнчүлүгүн берүүгө милдетүү.
8. Күбөлөндүрүүчү борбор анын ачык ачкычына, ошол күбөлөндүрүүчү борбор тарабынан колтамга ачкычынын сертификаты берилген, ЭЦК тарабынан кол коюлган билдирүүлөрдүн кагаз жүзүндөгү көчүрмөсүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана соттун талабы боюнча берүүгө жана күбөлөндүрүүгө милдеттүү. Мында күбөлөндүрүлгөн жер жана күнү көрсөтүлөт. Кагаз жүзүндөгү көчүрмө күбөлөндүрүүчү борбордун кызмат адамынын кол камгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.

10-статья. Күбөлөндүрүүчү борбордун колтамга ачкычынын
сертификатын берген учурдагы милдеттенмелери

Күбөлөндүрүүчү борбор колтамга ачкычынын сертификатын берип жатып, анын ээсинин алдында өзүнө төмөндөгүдөй милдеттенмелерди кабыл алат:
- колтамга ачкычынын сертификатын колдонууну токтото туруу же жокко чыгаруу үчүн ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык тиешелүү деңгээлде аракет жасоого;
- күбөлөндүрүүчү борборго, сертификат чыгарган колтамга ачкычынын юридикалык күчкө ээ болушуна олуттуу таасирин тийгизүүчү белгилүү болгон бардык фактылар жөнүндө ылайыктуу мөөнөт ичинде сертификат ээсине билдирүүгө.

11-статья. Колтамга ачкычынын ээсинин сертификатын кабыл алып
жаткандагы милдеттенмелери

Күбөлөндүрүүчү борбор тарабынан берилген колтамга ачкычынын сертификатын кабыл алып жатып, анын ээси төмөндөгүдөй милдеттенмелерди кабыл алат:
- ал тарабынан колтамга ачкычынын сертификатын берүү максатында берилген маалыматтардын аныктыгына кепил болууга;
- колтамга ачкычынын сертификатында көрсөтүлгөн ЭЦКнын ачык ачкычына шайкеш келген жабык ачкычка укук чегинде ээ болууга жана пайдаланууга;
- ушул Мыйзамдын жоболорун сактаганда жабык ачкычтын пайдаланылышына контролду камсыз кылууга жана ЭЦКны түзүүгө ыйгарым укугу жок үчүнчү жактар тарабынан анын ачылышына алдын ала чара көрүүгө.

12-статья. Колтамга ачкычынын сертификатынын колдонулушун
токтото туруу

1. Эгерде күбөлөндүрүүчү борбор менен сертификат ээсинин ортосундагы макулдашууда башкасы каралбаса, сертификат берген күбөлөндүрүүчү борбор сертификат ээсинин же анын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн көрсөтмөсү боюнча сертификаттын колдонулушун токтото турат.
Күбөлөндүрүүчү борбор ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же соттун тиешелүү актысы боюнча колтамга ачкычынын сертификатынын колдонулушун токтото алат.
Колтамга ачкычынын сертификатын колдонууну токтото туруунун мөөнөтү токтото турууга көрсөтмө берген жак тарабынан аныкталат. Бул мөөнөт он жумуш күнүнөн ашпоого тийиш.
2. Колтамга ачкычынын сертификатынын колдонулушу токтотула тургандан кийин дароо эле күбөлөндүрүүчү борбор сертификатта көрсөтүлгөн реестрде сертификаттын колдонулушу токтотула тургандыгы жөнүндөгү маалыматты жарыялайт, ошондой эле бул тууралуу сертификат ээсине кабарлайт.
3. Күбөлөндүрүүчү борбор ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн жактардын арызы боюнча колтамга ачкычынын сертификатынын колдонулушун кайтадан баштайт. Эгерде көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндөн кийин колтамга ачкычынын сертификатынын колдонулушун кайтадан баштоо жөнүндө арыз келип түшпөсө, ал жок кылынууга тийиш.
4. Күбөлөндүрүүчү борбор колтамга ачкычынын сертификатынын колдонулушу токтотула турган мезгилге ушул Мыйзамдын 9-статьясында каралган сертификаттын токтотула турушуна тиешелүү болгон милдеттерди аткарууну токтото турат.

13-статья. Колтамга ачкычынын сертификатын жокко чыгаруу

1. Колтамга ачкычынын сертификатын берген күбөлөндүрүүчү борбор сертификатта көрсөтүлгөн ЭЦКнын ачкычынын мыйзамдуу ээсинин же тиешелүү деңгээлде жокко чыгарууга ыйгарым укуктуу анын өкүлүнүн талабы боюнча сертификатты жокко чыгарууга милдеттүү.
Күбөлөндүрүүчү борбор ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же соттун тиешелүү актысынын негизинде колтамга ачкычына өзү берген сертификатты жокко чыгарууга милдеттүү.
Күбөлөндүрүүчү борбор колтамга ачкычынын сертификатын сертификат ээсинин же анын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жазуу жүзүндөгү арызын алгандан кийин же болбосо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же соттун тиешелүү актысы боюнча бир жумуш күнүнүн ичинде жокко чыгарат.
2. Күбөлөндүрүүчү борбор колтамга ачкычынын сертификатын жокко чыгарууга же сертификатта көрсөтүлгөн колтамга ачкычынын ээсинин макулдугунан көз карандысыз анын колдонулушун токтото турууга милдеттүү, эгерде күбөлөндүрүүчү борбор:
- сертификат ээсинин дүйнөдөн кайткандыгы жөнүндө күбөлүктүн нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн же анын дүйнөдөн кайтканын тастыктаган дагы башка далилдерин алса;
- юридикалык жак болуп саналган сертификат ээсинин кайрадан уюшулганын же жоюлганын тастыктаган документтерди же анын кайрадан уюшулганынын же жоюлганынын фактысынын дагы башка далилдерин алса;
- сертификат ээсинин ушул Мыйзамдын 11-статьясында каралган өз милдеттенмелерин аткарбай койгондугун же тиешелүү түрдө аткарбай жаткандыгын аныктаса.
3. Колтамга ачкычынын сертификатын жокко чыгаруу күчүнө киргенден кийин күбөлөндүрүүчү борбор бул тууралу сертификатта көрсөтүлгөн ачкыч ээсине токтоосуз кабарлоого жана ал сертификатты өзү турган реестрден алып салуу тууралу элдин көзүнчө айтууга милдеттүү.

14-статья. Күбөлөндүрүүчү борборлордун ишинин токтотулушу

1. ЭЦКнын ачык ачкычын күбөлөндүрүү боюнча ишин токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда юридикалык жак бул тууралу алдынала колтамга ачкычынын сертификатын берген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, ошондой эле ушул күбөлөндүрүүчү борбор тарабынан берилген колтамга ачкычтарынын сертификаттарынын бардык ээлерине билдирүүгө милдеттүү.
2. ЭЦКнын ачык ачкычтарын күбөлөндүрүү боюнча ишти токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда күбөлөндүрүүчү борбор тарабынан берилген колтамга ачкычтарынын сертификаттары ушул Мыйзамга ылайык жокко чыгарылат, ал эми ЭЦКнын ачык ачкычтары, сертификат ээлери жөнүндөгү маалыматтар жана күбөлөндүрүүчү борбордун дагы башка документтери мамлекеттик архивге сактаганга өткөрүп берилет, бул тууралу ачык ачкычтарды пайдалануучуларга ачык айтылат.

15-статья. Жекече маалыматтарды коргоо

1. Күбөлөндүрүүчү борбор билдирүүчү тарабынан берилген документтерде камтылган сертификат ээсине тиешелүү жекече маалыматтардын Кыргыз Республикасынын жекече маалыматтарды коргоого тиешелүү болгон мыйзамдуу талаптарына ылайык коргоого алынышын камсыз кылат.
2. Күбөлөндүрүүчү борбор тарабынан колтамга ачкычынын сертификатынын ээсине тиешелүү маалыматтарды ачыкка чыгарууга алардын макулдугу менен гана же укук коргоо органдарынын укук ченемдүү талаптарына ылайык жол берилет.
3. ЭЦКнын жабык ачкычынын ээси жашыруун ат менен каттоодон өткөн учурда күбөлөндүрүүчү борбор жашыруун ат менен сертификат ээсинин бирдейлигин укук коргоо органдарынын талабы боюнча аларга билдирүүгө тийиш, мында эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкасы каралбаса, күбөлөндүрүүчү борбор жашыруун ат белгилүү болуп калгандыгы тууралу сертификат ээсине билдирүүгө милдеттүү.

16-статья. Күбөлөндүрүүчү борборлордун жоопкерчиликтери

1. Күбөлөндүрүүчү борбор текшерүүгө жана тастыктоого милдеттүү болгон колтамга ачкычынын сертификатында берилген маалыматтарга ишенгендигинин натыйжасында тарткан чыгымдар үчүн чыныгы чыгымдын көлөмүндө жоопкерчилик тартат.
Күбөлөндүрүүчү борбордун жоопкерчиликтерине төмөндөгүлөр кирбейт:
- айыптык санкциялар;
- алынбай калган пайдалардын ордун толтуруу;
- моралдык жактан тарткан зыяндын ордун толтуруу.
2. Эгерде Мыйзамда же келишимде башкасы каралбаса, жеңүүгө мүмкүн болбогон күчтөрдүн кесепетинен улам өз милдеттерин тиешелүү түрдө аткаруу мүмкүн болбогондугун далилдей албаса, күбөлөндүрүүчү борбор жоопкерчилик тартат.
3. Күбөлөндүрүүчү борбор төмөндөгүлөр үчүн жоопкерчилик тартпайт:
- эгерде күбөлөндүрүүчү борбор жараксыз же жасалма ЭЦКга карата ушул Мыйзамдын бардык олуттуу талаптарын аткарган болсо, жараксыз же жасалма цифралык колтамгага ишенүүнүн натыйжасында тарткан чыгымдар үчүн;
- күбөлөндүрүүчү борбор текшерүүгө жана күбөлөндүрүүгө милдеттүү болгон сертификатта берилген маалыматтарга ишенип коюунун натыйжасында колтамга ачкычынын сертификатында ишенимдин белгилинген чеги катары көрсөтүлгөн суммадан ашыкча тарткан чыгымдары үчүн.

IV Глава
Электрондук цифралык колтамганы пайдалануу тартиби

17-статья. Мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө электрондук цифралык
колтамганы пайдалануу

1. Мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары тарабынан өзүнүн компетенциясына ылайык иштелип чыгуучу кандай болбосун документгердеги маалыматтарды маалымат тутумдары боюнча берген учурда же маалыматгардын электрондук базаларында сактаган учурда ЭЦК колдонулат.
2. ЭЦК тарабынан кол коюлган электрондук билдирүүлөрдү жөнөтүшкөн мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын күбөлөндүрүүчү борбор тарабынан белгиленген тартипте берилген колтамга ачкычынын сертификаты болууга тийиш.
3. Мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары ушул Мыйзамга ылайык күбөлөндүрүүчү борбор тарабынан берилген жеке жана юридикалык жактар тарабынан жөнөтүлгөн ЭЦКдан кол коюлган алардын колтамга ачкычынын сертификаты болгон учурда гана электрондук билдирүүлөрдү кабыл алышат.
4. Мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары тарабынан ЭЦКны пайдалануу шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет.
5. Мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын ЭЦКсынын аныктыгын күбөлөндүрүү үчүн колтамга ачкычынын сертификаттарын берүүчү мамлекеттик күбөлөндүрүүчү борборлор түзүлөт.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен мамлекеттик күбөлөндүрүүчү борборлордун, анын ичинде өз статусуна жараша ЭЦКны пайдаланышкан кызмат адамдарынын ЭЦКсынын ачкычын түзүүнүн жана ЭЦК тарабынан кол коюлган билдирүүлөрдү алуучуларга ачык ачкычтарды берүүнүн кошумча иш-милдеттери белгилениши мүмкүн.

18-статья. Корпоративдик маалымат тутумдарында электрондук
цифралык колтамганы пайдалануу

Корпоративдик маалымат тутумдарында ЭЦКны пайдалануу ушул тутумдардын ички документтери, тутумдун катышуучуларынын ортосунда түзүлгөн же тутумдун ээси менен пайдалануучулардын (кардарлардын) ортосундагы макулдашуу менен регламенттелет.
Аталган ченемдик документтерде же макулдашууларда ЭЦКны пайдаланышкан жактардын укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери, ошондой эле такталбаган ЭЦКны пайдаланган учурдагы тобокелдиги тутумдун катышуучуларынын ортосунда бөлүштүрүү жөнүндөгү жоболордо камтылууга тийиш.

19-статья. Электрондук цифралык колтамганы Кыргыз Республикасынын
төлөө тутумунда пайдалануу

Электрондук цифралык колтамганын Кыргыз Республикасынын төлөө тутумунда пайдаланылышы Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары, ошондой эле төлөө тутумунун катышуучуларынын ортосундагы макулдашуулар менен жөнгө салынат.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы банктардын жана дагы башка финансы-кредиттик мекемелердин ишин жөнгө салууну күбөлөндүрүүчү борбор болуп саналат.

V Глава
Корутунду жоболор

20-статья. Электрондук цифралык колтамганын ачык ачкычына чет
өлкөлөрдөн берилген күбөлүктөрдү таануу

Кыргыз Республикасы мындай күбөлүктөрдү таануу жөнүндө аны менен Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эларалык келишимдерге болгон же Кыргыз Республикасынын электрондук билдирүүлөрдүн бирдей коопсуздугун камсыз кылуучу дагы башка Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эларалык келишимдерге болгон мамлекет тарабынан берилген ЭЦКнын ачык ачкычы бар чет өлкө күбөлүгүнө ээ ачык ачкыч менен текшерилиши мүмкүн болгон ЭЦК ушул Мыйзамга ылайык цифралык колтамга менен бирдей эле таанылат.
Күбөлөндүрүүчү борбор менен сертификат ээсинин ортосунда келип чыккан укуктук мамилелерге карата сертификат берген өлкөнүн укуктары колдонулат.
(КР 2009-жылдын 2-ноябрындагы N 290 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

21-статья. Электрондук цифралык колтамгага коюлган электрондук
билдирүүлөрдү соттук териштирүүдө далил катары
пайдалануу

Талаш-тартыш келип чыккан учурда ЭЦКга кол коюлган жана күбөлөндүрүүчү борбор тарабынан ушул Мыйзамга жана аны аткаруу максатында чыгарылган ченемдик укуктук актыларга ылайык күбөлөндүрүлгөн электрондук билдирүүлөрдү сотко көрсөтүүгө жол берилет.
Электрондук документ өзүнүн маанилүүлүгү боюнча жазуу жүзүндөгү далилдерге бирдей болгон далил болуп таанылат.
Сот системасында электрондук документтерди далил катары колдонуунун тартиби процесстик мыйзамдар менен жөнгө салынат.
(КР 2009-жылдын 2-ноябрындагы N 290 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

22-статья. Электрондук документтерди айландыруу жана электрондук
цифралык колтамгаларды колдонуу чөйрөсүндөгү
мыйзамдарды бузгандык үчүн жоопкерчилик

1. Электрондук документтерди айландыруу чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттери - юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын аймагында алектенген иштеринин мүнөзүнө жана менчигинин формасына карабастан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык электрондук документтерди айландыруу жөнүндө мыйзамдарды бузгандык үчүн жоопкерчилик тартат.
2. Электрондук документтерди айландыруу чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүчү юридикалык жана жеке жактар кардарларга кызматтарды көрсөтпөгөндүгү же ал кызматтардын тийиштүү эмес сапаты үчүн, ошондой эле ушуну менен келтирген зыян үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчилик тартышат.
3. Электрондук документтерде жайылтууга тыюу салынган же чектелген маалыматка өзүнүн кызматтык милдеттери боюнча жетүүгө мүмкүнчүлүгү бар адамдар аны мыйзамсыз жайылткандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
4. Башка адамдын ЭЦКсын мыйзамсыз колдонуучу адамдар, анын ичинде жабык ачкычты мыйзамсыз алуу жана (же) тийиштүү ыйгарым укугусуз башка адамдын ЭЦКсын коюу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
5. ЭЦКнын жабык ачкычынын ээсинин күнөөсү боюнча ЭЦКнын жабык ачкычына мыйзамсыз кирүүдөн улам ЭЦКнын ачык ачкычынын пайдалануучусуна зыян келтирилген учурда күнөөлүү адам зыяндын ордун толтурушу керек.
(КР 2009-жылдын 2-ноябрындагы N 290 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

23-статья. Талаш-тартыштарды чечүү

ЭЦКны пайдаланууга, ошондой эле анын аныктыгын таанууга байланыштуу укуктук мамилелерден улам келип чыккан талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тартибинде чечилүүгө тийиш.

24-статья. Ченемдик укуктук актыларды ушул Мыйзамга ылайык
келтирүү

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;
- ушул Мыйзамдын ишке ашырылышын камсыз кылуучу ченемдик укуктук актыларды кабыл алсын.

25-статья. Мыйзамдын күчүнө кириши

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев

2004-жылдын 18-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны
тарабынан кабыл алынган