Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө


Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 17-августу N 150

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Экстремисттик аракеттерге каршылык
көрсөтүү жөнүндө

Бул Мыйзам адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин, конституциялык түзүлүштүн негиздерин коргоо, Кыргыз Республикасынын бүтүндүгүн жана коопсуздугун камсыз кылуу максаттарында экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүүнүн укуктук жана уюштуруу негиздерин аныктайт, аны жүзөгө ашыруунун жоопкерчилигин белгилейт.

1-статья. Негизги түшүнүктөр

Ушул Мыйзамдын максатын жүзөгө ашыруу үчүн төмөндөгү негизги түшүнүктөр колдонулат:
экстремисттик аракет (экстремизм):
1) коомдук бирикмелердин же диний уюмдардын, менчигинин түрүнө карабастан, дагы башка ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын же жеке адамдардын төмөндөгүлөрдү пландаштырууга, уюштурууга, даярдоого жана ишке ашырууга багытталган аракеттери:
Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүнүн негиздерин күчкө салып өзгөртүү жана бүтүндүгүн бузууга;
Кыргыз Республикасынын коопсуздугун бузууга;
бийликтин ыйгарым укуктарын тартып алуута же ээлеп алууга;
мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрүн түзүүгө;
террористтик аракеттерди жүзөгө ашырууга;
расалык, улуттук же диний араздашууларды козутууга, ошондой эле күч колдонууга же күч колдонууну үгүттөө менен байланышкан социалдык араздашууларды козутууга;
улуттук ар-намысты кемсинтүүгө;
идеологиялык, саясий, расалык, улуттук жүйөөлөр же диний жек көрүү, ошондой эле ошого тете кандайдыр бир социалдык топторго карата жек көрүү жүйөлөрү боюнча же душмандык кылып массалык тополоңдорду, ээнбаштык аракеттерди жасоого уурдап, талап-тоноого;
динге, социалдык, расалык, улуттук, диний же тилге тиешелүүлүгү жагынан жарандардын өзгөчөлүгүн, артыкчылыгын же кемдигин пропагандалоого;
2) нацисттик атрибутиканы же символиканы же болбосо нацисттик атрибутикага же символикага аралашуу деңгээлине чейин окшош болгон атрибутиканы же символиканы пропагандалоого жана эл алдында көрсөтүүгө;
3) аталган аракеттерди жасоого элди үндөө же аталган аракеттерди жасоого;
4) аталган аракеттерди каржылоо же аны жасоого көмөк көрсөтүүгө же аталган аракеттерди жасоого, анын ичинде аталган аракеттерди жасаганга финансы каражаттарын, кыймылсыз мүлктү, окуу, полиграфиялык жана материалдык-техникалык базаны, телефон, факсимилдик жана байланыштын башка түрлөрүн берүү, маалымдоо кызматтарын көрсөтүүгө, дагы башка материалдык-техникалык каражаттарды берүүгө;
экстремисттик уюм - ушул Мыйзам менен каралган негиздер боюнча экстремисттик аракеттерди жасаганга байланыштуу болгон иштерди жоюу же тыюу салуу тууралу соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген коомдук бирикме же диний уюм же башка уюмдар;
экстремисттик материалдар - экстремисттик аракеттерди жасаганга үндөгөн, мындай аракетти ишке ашыруунун зарылдыгын негиздеген улуттук жана (же) расалык артыкчылыкты негиздеген же актаган, кандайдыр бир этникалык, социалдык, расалык, улуттук же диний топту толук же жарым-жартылай жок кылууга багытталган согуштук же дагы башка кылмыштарды жасоону актоого арналган жарыялоолор, документтер же башка сактагычтардагы маалыматтар.

2-статья. Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүүнүн негизги
принциптери

Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү төмөндөгү принциптерге негизденет:
адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин, ошондой эле уюмдардын да мыйзамдуу кызыкчылыктарын таануу, сактоо жана коргоого;
мыйзамдуулукка;
ачык-айкындыкка;
Кыргыз Республикасынын коопсуздугун камсыз кылуунун артыкчылыктуулугуна;
экстремисттик аракеттердин алдын алууга багытталган чаралардын артыкчылыктуулугуна;
экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүүдө мамлекеттин коомдук бирикмелер, диний уюмдар жана жарандар менен кызматташтыгына;
экстремисттик аракеттерди ишке ашыргандыгы үчүн жазанын сөзсүз боло тургандыгына.

3-статья. Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүүнүн негизги
багыттары

Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү төмөндөгү негизги багыттар боюнча ишке ашырылат:
экстремисттик аракеттерди болтурбоого багытталган алдын алуу чараларын көрүү, анын ичинде экстремисттик аракеттерди жүргүзүүгө түрткү болгон себептерди жана шарттарды аныктоо жана жоюу;
коомдук бирикмелердин же диний, дагы башка уюмдардын, жеке адамдардын экстремисттик аракеттерин ашкерелөө, алдыналуу жана болтурбоо.

4-статья. Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүүнүн
субъекттери

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары өз компетенцияларынын чегинде экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүүгө катышышат.

5-статья. Экстремисттик аракеттердин алдын алуу

Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз компетенцияларынын чектеринде артыкчылыктуу тартипте алдын алуу, анын ичинде экстремисттик аракеттердин алдын алууга багытталган тарбиялоо, пропагандалоо чараларын ишке ашырышат.

6-статья. Экстремисттик аракеттерди ишке ашыруунун жол
берилбестиги жөнүндө эскертме жарыялоо

Экстремисттик аракеттердин белгилерин камтыган укукка каршы аракеттердин даярдалып жатканы тууралу жетиштүү жана алдынала тастыкталган маалыматтар болгон жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн негиздер болбогон учурда, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору же анын орун басары, же ага баш ийген тийиштүү прокурор же анын орунбасары коомдук бирикменин же диний уюмдун, же дагы башка уюмдун жетекчисине, ошондой эле тийиштүү адамдарга анын дайындуу себептерин көрсөтүү менен андай аракеттерге жол бербcө тууралу жазуу жүзүндө эскертме жөнөтөт.
Эскертмеде айтылган талаптарды аткарбай койгон учурда, ошол эскертме берилген адам белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.

7-статья. Коомдук бирикмелерге же диний уюмдарга же дагы башка
уюмдарга экстремисттик аракеттерди жасоого жол бербөө
жөнүндө алдын ала эскертүү чыгаруу

Коомдук бирикмелерге же диний уюмга же дагы башка уюмга алардын аракеттеринде, анын ичинде алардын аймактык же башка түзүмдүк бөлүмдөрүнүн биринде эле экстремисттик аракеттердин белгилери бар экендигин күбөлөндүргөн фактылар белгилүү болгон учурда, эскертүүнүн айкын негиздерин көрсөтүү менен андай аракеттерге жол бербөө жөнүндө, анын ичинде кетирилген кемчиликтерди көрсөтүү менен жазуу жүзүндө алдын ала эскертүү чыгарылат. Алдын ала эскертүүдөгү кемчиликтерди жоюу боюнча чараларды көрүүгө мүмкүн болгон учурда алдын ала эскертүү чыгарылган күндөн тартып он күндөн кем болбогон убакытка көрсөтүлгөн кемчиликтерди жоюу мөөнөтү белгиленет.
Коомдук бирикмеге же диний уюмга, дагы башка уюмдарга алдын ала эскертүү Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору же ага баш ийген тийиштүү прокурор тарабынан чыгарылат. Коомдук бирикмеге же диний уюмга алдын ала эскертүү аткаруу бийлиги же анын юстиция чөйрөсүндөгү тийиштүү аймактык органдары тарабынан да чыгарылышы мүмкүн.
Алдын ала эскертүү белгиленген тартипте сотко даттануусу мүмкүн.
Эгерде тийиштүү коомдук бирикмелер же диний уюмдар, же дагы башка уюмдар же алардын аймактык же башка түзүмдүк бөлүмчөлөрү тарабынан алдын ала эскертүүдө белгиленген мөөнөттө алдын ала эскертүү чыгарууга негиз болгон кемчиликтер четтетилбесе, же алдын ала эскертүү чыккан күндөн кийин да алардын аракеттеринде экстремисттик аракеттердин белгилери бар экенин күбөлөндүргөн жаңы фактылар белгилүү болсо, ушул Мыйзамда белгиленген тартипте тийиштүү коомдук бирикме же диний уюм, же башка уюм жоюлууга тийиш, ал эми юридикалык жак болбогон коомдук бирикменин же диний уюмдун иштешине тыюу салынат.

8-статья. Жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу экстремисттик
материалдарды таратуунун жана алар тарабынан
экстремисттик аракеттердин ишке ашырылышынын жол
берилбестиги тууралу алдын ала эскертүү

Жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу экстремисттик материалдар таратылган же алардын аракеттеринде экстремисттик аракеттердин белгилери бар экенин күбөлөндүргөн фактылар белгилүү болгон учурда, бул жалпыга маалымдоо каражаттарынын уюштуруучусуна жана (же) редакцияга (башкы редакторуна), аны каттоодон өткөргөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же аткаруу бийлигинин басма, телерадио жана массалык коммуникация каражаттар чөйрөсүндөгү органдары же Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору же анын тийштүү прокурору аркылуу аталган аракеттердин жол берилбестиги тууралу же ал аракеттерге алдын ала эскертүүнүн айкын себебин, анын ичинде кетирилген кемчиликтерди көрсөтүү менен жазуу жүзүндөгү алдын ала эскертүү чыгарылат. Эгерде кетирилген кемчиликтерди жоюу боюнча чараларды колдонуу мүмкүн болгон учурда, аны менен бирге аталган кемчиликтерди жоюуга алдын ала эскертүү чыккан күндөн тартып аталган кемчиликтерди жоюу үчүн он күндөн кем болбогон мөөнөт белгиленет.
Эгерде алдын ала эскертүүдө белгиленген мөөнөттө эскертүү чыгаруу үчүн негиз болгон кемчиликтерди жоюу боюнча чаралар көрүлбөсө, же алдын ала эскертүү чыккан күндөн тартып он эки айдын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарынын аракеттеринде экстремисттик аракеттердин белгилери бар экенин күбөлөндүргөн жаңы фактылар кайрадан белгилүү болсо, тийиштүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын иши ушул Мыйзамда белгиленген тартипте токтотулууга тийиш.

9-статья. Экстремисттик аракеттерди жүзөгө ашыргандыгы үчүн
коомдук бирикмелердин же диний уюмдардын же дагы башка
уюмдардын жоопкерчилиги

Кыргыз Республикасында экстремисттик аракеттерди жасоого багытталган коомдук бирикмелерди же диний уюмдарды, же дагы башка уюмдарды түзүүгө жана алардын иш аракеттерине тыюу салынат.
Ушул Мыйзамдын 7-статьясынын төртүнчү бөлүгүндө каралган учурларда коомдук бирикме же диний уюм же дагы башка уюм, алардын регионалдык же болбосо башка түзүмдүк бөлүмчөлөрүнүн адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин бузууга, жарандарга, алардын ден соолугуна, айлана чөйрөгө, коомдук тартипке, коомдук коопсуздукка, менчикке, жеке адамдардын жана (же) юридикалык жактардын мыйзамдуу экономикалык таламдарына, коомго жана мамлекетке зыян келтирүүгө алып келген, же ошондой зыян келтирүүгө айкын коркунуч туудурган экстремисттик аракеттерди жасаган учурда, тийиштүү коомдук бирикме же диний уюм, же дагы башка уюм жоюлушу мүмкүн, ал эми юридикалык жак болбогон тийиштүү коомдук бирикменин же диний уюмдун ишине Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун же ага тийиштүү прокурордун арызынын негизинде чыгарылган соттун чечими боюнча тыюу салышы мүмкүн.
Ушул статьянын аталган экинчи бөлүгүндөгү негиздер боюнча коомдук бирикме же диний уюм жоюлушу мүмкүн, ал эми юридикалык жак болбогон коомдук бирикменин же диний уюмдун иш аракетине аткаруу бийлигинин юстиция чөйрөсүндөгү же анын тийиштүү аймактык органынын арызынын негизинде чыгарылган соттун чечими боюнча тыюу салынышы мүмкүн.
Ушул Мыйзамда каралган негиздер боюнча коомдук бирикмени же диний уюмду жоюу тууралу сот тарабынан чечим кабыл алынганда, алардын регионалдык жана башка түзүмдүк бөлүмдөрү да жоюлууга тийиш.
Ушул Мыйзамда каралган негиздер боюнча жоюлган коомдук бирикменин же диний уюмдун же дагы башка уюмдун кредиторлорунун талаптарын канаттандыргандан калган мүлкү Кыргыз Республикасынын менчигине өткөрүлүүгө тийиш. Аталган мүлктү Кыргыз Республикасынын менчигине өткөрүп берүү жөнүндө чечим коомдук бирикмени же диний уюмду, же дагы башка уюмду жоюу тууралу чечим менен бир убакта сот аркылуу чыгарылат.

10-статья. Коомдук бирикменин же диний уюмдун ишин токтото туруу

Коомдук бирикме же диний уюм тарабынан адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин бузууга, жарандардын инсандыгына жана денсоолугуна, айлана-чөйрөгө, коомдук тартипке, коомдук коопсуздукка, менчикке, жеке жана (же) юридикалык жактардын мыйзамдуу экономикалык таламдарына, коомго жана мамлекетке зыян келтирген, же андай зыянды келтирүүгө чыныгы коркунуч түзгөн экстремисттик аракеттерди жасаган учурда ушул Мыйзамдын 9-статьясында каралган негиздер боюнча коомдук бирикмени же диний, уюмду жоюу же ишин токтотуу жөнүндө арыз менен сотко кайрылган убакыттан тартып жогоруда көрсөтүлгөн жеке жана (же) юридикалык жактардын арыздарын сот караганга чейин ал коомдук бирикменин же диний уюмдун ишин тийиштүү кызмат адамы же орган өз чечими менен убактылуу токтотуп коюуга укуктуу.
Коомдук бирикменин же диний уюмдун ишмердигин токтото туруу, аларды жоюу же алардын ишине тыюу салуу жөнүндө арыз сотто каралганга чейин белгиленген тартипте сотко даттана алат.
Коомдук бирикменин же диний уюмдун иши убактылуу токтотулган учурда коомдук бирикменин же диний уюмдун, алардын регионалдык жана дагы башка түзүмдүк бөлүмчөлөрү жалпыга маалымдоо каражаттарынын уюштуруучусу катары укуктары да убактылуу токтотулат, аларга мамлекеттик жана муниципалдык жалпыга маалымдоо каражаттарынан пайдаланууга, жыйналыштарды, митингдерди, демонстрацияларды, жүрүштөрдү, пикетке чыгуу жана башка көпчүлүк катышкан акцияларды уюштурууга жана өткөрүүгө, шайлоолорго жана референдумдарга катышууга, келтирилген зыяндардын, залалдын ордун толтуруу, салык, жыйым же айыптарды жана эмгек келишими боюнча чарбалык ишке байланышкан эсептешүүлөрдү жүргүзүүдөн тышкары банктык салымдарды колдонууга тыюу салынат.
Эгерде сот коомдук бирикмени же диний уюмду жоюу же алардын ишин токтотуу тууралу арызды канааттандырбаса, ал бирикме же диний уюм соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенден тартып өз иштерин кайра баштайт.
Саясий партиялардын ишин токто туруу Кыргыз Республикасынын "Саясий партиялар жөнүндө" Мыйзамында каралган тартипте ишке ашырылат.

11-статья. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын экстремисттик
материалдарды тараткандыгы жана экстремисттик
аракеттерди жасагандыгы үчүн жоопкерчилиги

Кыргыз Республикасында жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу экстремисттик материалдарды таратууга жана алардын экстремисттик аракеттерди жүзөгө ашыруусуна тыюу салынат.
Эгерде жалпыга маалымдоо каражаттары ушул Мыйзамдын 8-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө каралган учурда же адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин бузулушуна алып келген, жарандардын инсандыгына жана денсоолугуна, айлана-чөйрөгө, коомдук тартипке, коомдук коопсуздукка, менчикке, жеке жана (же) юридикалык жактардын мыйзамдуу экономикалык таламдарына, коомго жана мамлекетке зыян келтирген же андай зыян келтирүүгө чыныгы коркунуч түзгөн экстремисттик аракеттерди жасаган учурда аны каттоодон өткөргөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же басма сөз, телерадио берүүлөрү жана массалык коммуникация каражаттары чөйрөсүндөгү аткаруу бийлик органдарынын, же Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун же ага баш ийген тийиштүү прокурордун билдирүүсүнүн негизинде тийиштүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын иши соттун чечими боюнча токтотулушу мүмкүн.
Экстремисттик материалдарды таратууну улантууга жол бербөө максатында сот мезгилдүү басылманын тийиштүү номурларын, же доону камсыз кылуу боюнча чараларды кабыл алуу үчүн каралган тартипте аудио- же көрмө жазуу программаларынын жазылган нускаларын сатып өткөрүүнү, теле-радио же көрмө программаларды чыгарууну токтотот.
Соттун чечими экстремисттик багыттагы материалдар басылган жалпыга маалымдоо каражаттарынын таркатылбаган нускаларынын сатылбай калган бир бөлүгүн сакталып турган жеринен дүң жана чекене соодадан алып коюуга негиз болуп саналат.

12-статья. Жалпы пайдалануудагы байланыш тармагын экстремисттик
аракеттерди жасоо үчүн пайдаланууга жол бербөө

Жалпы пайдалануудагы байланыш тармактарын экстремисттик иштерди жасоо үчүн пайдаланууга тыюу салынат.
Эгерде жалпы пайдалануудагы байланыш тармактары экстремисттик аракеттерди ишке ашыруу үчүн пайдаланылган болсо, байланыш жаатындагы Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары аркылуу жөнгө салынуучу мамилелердин өзгөчөлүгүн эске алуу менен, ушул Мыйзамда каралган чаралар колдонулат.

13-статья. Экстремисттик материалдарды таратуу менен күрөшүү

Кыргыз Республикасынын аймагында ушул Мыйзамдын 1-статьясынын биринчи бөлүгүндө каралган белгилердин бирин эле камтыган басма, аудио-аудиовизуалдык жана башка материалдарды басып чыгарууга, сактоого, ташууга жана таратууга тыюу салынат. Мындай материалдарга төмөндөгүлөр кирет:
а) тыюу салынган экстремисттик уюмдардын расмий материалдары;
б) тынчтыкка жана адам баласына каршы кылмыштары үчүн эларалык укук актыларынын негизинде соттолгон адамдардын автордук материалдары жана ушул Мыйзамдын 1-статьясынын биринчи бөлүгүндө камтылган белгилер;
в) ушул Мыйзамдын 1-статьясынын биринчи бөлүгүндө камтылган белгилер, анын ичинде анонимдүү, жана башка материалдар.
Маалымат материалдарында ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн "а"-"в" пункттарында каралган белгилердин бар экенин аныктоо прокурордун сунуштамасынын негизинде ошондой материалдарды чыгарган уюм жайгашкан жердеги сот аркылуу жүзөгө ашырылат.
Маалымат материалдарында ушул Мыйзамдын 1-статьясынын биринчи бөлүгүндө каралган белгилердин бар экендигинин аныкталышы тууралу соттун чечими анын нускасынын сатып өткөрүлбөгөн бөлүгүн алып салууга негиз болуп саналат. Экстремисттик материалдарды чыгарууну экинчи жолу ишке ашырган уюм басып чыгаруу ишин жүргүзүү укугунан ажыратылат.
Маалымат материалдарын экстремисттик деп таануу жөнүндөгү соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин көчүрмөсү юстиция чөйрөсүндөгү аткаруу бийлик органына жөнөтүлөт. Экстремисттик материалдардын тизмеси жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланып турууга тийиш.
Материалдарды экстремисттик материалдардын тизмесине киргизүү жөнүндө чечимге белгиленген тартипте сотко даттанууга болот.
Экстремисттик материалдардын тизмесине киргизилген материалдар Кыргыз Республикасынын аймагында таратылбайт.
Аталган материалдарды андан ары таратуу максатында мыйзамсыз жасоого, таратууга, ташууга жана сактоого күнөөлүү адамдар административдик же болбосо кылмыш-жазык жоопкерчилигине тартылышат.

14-статья. Кызмат адамдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык
кызматкерлердин экстремисттик аракеттерди
жасагандыгы үчүн жоопкерчилиги

Мамлекеттик кызматта турган кызмат адамынын, ошондой эле дагы башка адамдын экстремисттик аракеттерди жасоонун зарылдыгы, жол берилгендиги, мүмкүндүгү же керектиги жөнүндө көпчүлүк алдында, же болбосо кызмат милдеттерин аткаруу үстүндө, болбосо ээлеген кызматын көрсөтүү менен айткандары, ошого тете кызматтагы адамдын өз компетенциясына ылайык экстремисттик аракеттерди болтурбоо боюнча чараларды көрбөй коюусу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке кириптер кылат.
Тийиштүү мамлекеттик органдар жана жогорку кызмат адамдары ушул статьянын биринчи бөлүгүндө аталган аракеттерге жол берген адамдарды жоопкерчиликке тартуу боюнча токтоосуз зарыл чараларды көрүүгө милдеттүү.

15-статья. Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк
жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын экстремисттик
аракеттерди жүзөгө ашыргандыгы үчүн жоопкерчилиги

Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар экстремисттик аракеттерди жүзөгө ашыргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кылмыш-жазык, административдик жана жарандык-укуктук жоопкерчиликтерди тартышат.
Мамлекеттик жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте жана негиздер боюнча, экстремисттик аракеттерди ишке ашырууга катышкан адамга соттун чечими менен мамлекеттик кызматка, аскердик кызматка жана укук коргоо органдарына кызматка кирүүгө, ошондой эле билим берүү мекемелеринде, жеке аңдуу-иликтөө жана коргоо иштерин жүргүзүүгө чектөө коюлушу мүмкүн.
Эгерде коомдук бирикменин же диний уюмдун, же дагы башка уюмдун жетекчиси же жетекчи органынын мүчөсү экстремисттик аракеттерди ишке ашырууга үндөп, эл алдында айткан билдирүүсү, ошондой эле өзүнүн жеке пикири экенин айтпай, ошого тете эл алдында сүйлөгөн учурда андай адамга карата экстремисттик багыттагы кылмышы үчүн соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген учурда, тийиштүү коомдук бирикме, диний, же башка уюм ошол билдирүү жасалган күндөн тартып беш күнгө чейин ал адамдын жасаган билдирүүсүнө жана анын аракетине макул эместигин эл алдында айтууга милдеттүү.
Эгерде тийиштүү коомдук бирикме же диний уюм же дагы башка уюм эл алдында андай билдирүү жасабаса, анда бул алардын аракеттеринде экстремизмдин белгилеринин бар экенин күбөлөндүргөн факт катары каралышы мүмкүн.

16-статья. Көпчүлүк катышкан акцияларды жасаганда экстремисттик
аракеттердин жүзөгө ашырылышына жол бербөө

Жыйналыштарды, митингдерди, демонстрацияларды, жүрүштөрдү жана пикеттерди өткөрүүдө экстремисттик аракеттерди жүзөгө ашырууга тыюу салынат. Көпчүлүк катышкан акциянын уюштуруучулары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген көпчүлүк катышкан акцияларды өткөрүү тартибине коюлуучу тиешелүү талаптарды сактоо, экстремисттик аракеттерди жүзөгө ашырууга жол бербөө, ошондой эле аны өз убагында болтурбай коюу жоопкерчилигин алышат.
Көпчүлүк катышкан акциянын катышуучуларына курал-жарактарды, ошондой эле жарандардын ден соолугуна зыян келтирүүгө ылайыкталган же атайын даярдалган, жеке жана юридикалык жактарга материалдык зыян келтирүүчү нерселерди жандарына салып жүрүүгө тыюу салынат.
Көпчүлүк катышкан акцияларды өткөргөн учурда ага экстремисттик уюмдарды тартууга, алардын символикасын же атрибутикасын пайдаланууга, ошондой эле экстремисттик материалдарды таратууга жол берилбейт.
Ушул статьянын үчүнчү бөлүгүндө каралган жагдайлар белгилүү болгон учурда акциянын уюштуруучулары же аны өткөрүүгө жооптуу адамдар аталган тартип бузууларды четтетүү боюнча ошол замат чара көрүүгө милдеттүү. Бул милдеттерди сактабоо Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын өкүлдөрүнүн талаптары боюнча көпчүлүк катышкан акциянын токтотулушуна жана анын уюштуруучуларынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздерде жана тартипте жоопко тартылууларына кириптер кылат.

17-статья. Экстремизм менен күрөшүү жаатындагы эларалык
кызматташтык

Кыргыз Республикасынын аймагында четөлкөлүк коомдук бирикмелердин же диний уюмдардын же дагы башка уюмдардын жана алардын бөлүмчөлөрүнүн эларалык укук актыларына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык экстремисттик деп табылган иштерине тыюу салынат.
Четөлкөлүк өкмөттүк эмес уюмдун ишине тыюу салуу төмөндөгүлөргө кириптер кылат:
а) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик аккредитациянын жана каттоонун жокко чыгарылышына;
б) четөлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын ушул уюмдун өкүлү катары Кыргыз Республикасынын аймагында туруусуна тыюу салууга;
в) Кыргыз Республикасынын аймагында кандай гана болбосун чарбалык жана башка иштерди жүргүзүүгө тыюу салууга;
г) тыюу салынган уюмдун атынан кандай гана болбосун материалдарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоого тыюу салууга;
д) Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган уюмдун материалдарын, ошого тете ошол уюмдун материалдарын камтыган маалыматтык дагы башка продукцияларды таратууга тыюу салууга;
е) ар кандай көпчүлүк катышкан акцияларды жана жалпы элдик иш чараларды өткөрүүгө, тыюу салынган уюмдардын өкүлү (же анын расий өкүлү) катары ал акцияларга жана жалпы иш чараларга катышуусуна тыюу салууга;
ж) ар кандай уюштуруу-укуктук түрдөгү анын укук мураскери - уюмдарын түзүүгө тыюу салууга.
Өкмөттүк эмес четөлкөлүк уюмдун ишин токтотуу тууралу соттун чечими күчүнө киргенден кийин Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы Кыргыз Республикасындагы тийиштүү четөлкөлүк дипломаттык өкүлчүлүккө же консулдук мекемеге он күндүк мөөнөттө Кыргыз Республикасынын аймагында ал уюмдун иштерине тыюу салынганы, тыюу салуунун себеби, ошондой эле тыюу салууга байланыштуу анын кесепеттери жөнүндө билдирүүгө милдеттүү.
Кыргыз Республикасынын эларалык макулдашууларына ылайык Кыргыз Республикасы экстремизм менен күрөшүү жаатында чет мамлекеттер, алардын укук коргоо органдары жана атайын кызматтары, ошондой эле экстремизмге каршы күрөш жүргүзгөн эларалык уюмдар менен кызматташат.

18-статья. Корутунду жоболор

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- эки айлык мөөнөттүн ичинде өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;
- эларалык укуктук актыларга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштери экстремисттик деп таанылган коомдук бирикмелердин жана диний уюмдардын, чет мамлекеттердин дагы башка уюмдарынын жана алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрүнүн тизмесин даярдасын жана жарыяласын;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев

2005-жылдын 30-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кеңеши тарабынан кабыл алынган