Кыргыз республикасынын салык кодекси (үзүндүлөр)


Бишкек шаары
2008-жылдын 17-октябры N 230

 

Кыргыз республикасынын салык кодекси (үзүндүлөр)

 

(КР 2008-жылдын 17-октябрындагы N 231
Мыйзамы менен колдонууга киргизилди)

Берилген редакция 2009-жылдын 1-январынан күчүнө кирет

29-берене. Ал жеткис күч

Ал жеткис күч деп жер титирөө, суу ташкыны сыяктуу табигый кырсыктардын же алдын ала билүүгө же четтетүүгө мүмкүн болбогон, же болбосо алдын ала билүүгө мүмкүн болгон, бирок четтетүүгө болбой турган бөлөк кырдаалдардын натыйжасында чукул жана четтетилбөөчү жагдайлардын келип чыгышы саналат. Көрсөтүлгөн жагдайлар жалпыга белгилүү фактылардын, массалык маалымат каражаттарында жарыяланган материалдардын негизинде жана далилдөөнүн атайын каражаттарына муктаж эмес башка ыкмалардын негизинде аныкталат.

42-берене. Салык төлөөчүнүн укуктары

1. Салык төлөөчү төмөнкүлөргө укуктуу:
1) салык кызматынын органдарынын кызмат адамынан Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын сактоону талап кылууга;
2) салыктык укук мамилелеринде жеке өзү же өзүнүн салык боюнча өкүлү аркылуу чыгууга;
3) тиешелүү мамлекеттик органдардан Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары жөнүндө маалыматты, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, ыйгарым укуктуу салык органы иштеп чыккан эрежелерди, жоболорду жана башка методикалык көрсөтмөлөрдү алууга;
4) салык отчеттуулугунун расмий массалык маалымат каражаттарында жарыяланбаган формаларын колдонбоого;
5) жазуу жүзүндөгү суроо-талаптын негизинде салык кызматынын органдарындагы өзү тууралу ар кандай маалыматты акысыз алууга;
6) ашыкча төлөнгөн, ошондой эле ашыкча өндүрүлүп алынган салык суммасын кириштетүүгө же кайтарып алууга;
7) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген негиздерде жана тартипте салык жеңилдиктеринен пайдаланууга;
8) салыктык купуя сырды сактоону талап кылууга;
9) салык контролунун натыйжалары жөнүндө маалымат алууга;
10) салык контролунун натыйжалары боюнча салык кызматынын органдарына түшүндүрмө берүүгө;
11) салык милдеттенмесин аткарууга тиешеси жок маалыматтарды жана документтерди бербөөгө;
12) салык текшерүүсүнүн натыйжалары боюнча кабарлоого карата, ошондой эле салык кызматынын органынын кызмат адамынын чечимине, аракетине же аракетсиздигине карата даттанууга;
13) салык кызматынын органынын мыйзамсыз чечиминен, анын кызмат адамынын мыйзамсыз аракетинен же аракетсиздигинен улам келген чыгымдын жана зыяндын ордун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык толтуртуп алууга.
2. Салык төлөөчү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген башка укуктарга ээ болот.

51-берене. Салык кызматынын органдарынын жана анын кызмат
адамдарынын милдеттери

1. Салык кызматынын органдары жана анын кызмат адамдары төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) салык төлөөчүнүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоого;
2) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын сактоого жана салык төлөөчүлөрдөн аны аткарууну талап кылууга;
3) салык төлөөчүлөргө салык милдеттенмелерин аткарууга көмөк көрсөтүүгө;
4) салык төлөөчүгө расмий массалык маалымат каражаттары аркылуу белгиленген салыктык отчеттуулуктун формалары, аларды толтуруу ыкмалары, салык кызматынын органына аларды берүүнүн тартиби жана мөөнөтү тууралу маалыматты жеткирүүгө;
5) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган учурларда салык төлөөчүнүн жазуу жүзүндөгү суроо-талабына жооп берүүгө;
6) салык милдеттенмелерин аткарууга салык контролун жүргүзүүгө;
7) салык төлөөчүлөрдү, салык салуу объекттерин, чегерилген жана төлөнгөн салыктарды эсепке алууну жүргүзүүгө;
8) эгерде ушул Кодексте башкача каралбаса, салык отчетунун белгиленген формадагы бланктарын салык кызматынын органдары берген учурда аларды бюджеттик каражаттардын эсебинен берүүгө;
9) салык отчетунун белгиленген формаларын толтуруунун тартибин түшүндүрүүгө;
10) көрсөтмөкаттар боюнча гана салык текшерүүсүн жүргүзүүгө;
11) салык текшерүүлөрүн жана салык контролунун башка формаларын инспектордук текшерүүлөр китепчесинде каттоого;
12) кызматтык, коммерциялык, салыктык, банктык жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен корголуучу башка купуя сырды сактоого;
13) ушул Кодексте каралган мөөнөттөрдө жана учурларда салык милдеттенмелерин аткаруу боюнча билдирүүнү салык төлөөчүгө тапшырууга;
14) салык төлөөчүнүн жазуу жүзүндөгү суроо-талабы боюнча салык милдеттенмелерин аткаруу жагында бюджет менен эсептешүүлөрдүн абалы жөнүндө маалымкатты 2 күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен берүүгө;
15) салык милдеттенмелерин аткаруу фактысын тастыктоочу документтердин 6 жыл бою сакталышын камсыз кылууга;
16) салык милдеттенмелерин аткарууну камсыз кылуунун ыкмаларын ушул Кодексте белгиленген тартипте колдонууга;
17) салык төлөөчүгө ушул Кодексте белгиленген талаптарга ылайык салык санкцияларын салууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине ылайык санкцияларды колдонууга;
18) ушул Кодексте белгиленген тартипте салык төлөөчүлөрдүн даттанууларын кароого.
2. Салык кызматынын органдары алардын иштери тууралуу отчетту ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ачык маалыматтык веб-сайтында отчеттук календардык жылдан кийинки жылдын 1-мартына чейин жарыялоого милдеттүү. Бул отчет отчеттук календардык жылдагы төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:
1) салык кызматынын органдары чогулткан салыктардын аталышын жана суммасын;
2) салык карыздарынын суммасын;
3) салыктарды жыйноо процессинде салык органдары тарткан чыгымдарды;
4) салык карызын төлөө жагында берилген салык жеңилдиктери, кийинкиге жылдыруу мөөнөтү жана бөлүп төлөөлөр боюнча статистикалык маалыматтарды;
5) салык кызматынын органдарынын иштериндеги жетишкендиктерди жана кемчиликтерди сыпаттоону;
6) салык карызынын өлчөмүн көрсөтүү менен, 5000 эсептик көрсөткүчтөрдөн ашкан өлчөмдөгү салык карызы бар деп таанылган жеке жактардын фамилияларынын жана ысымдарынын, уюмдардын аталыштарынын тизмесин.
3. Эгерде көчмө салык текшерүүсүнүн натыйжасында кылмыш жоопкерчилигине тартылуучу чектен ашкан эсептелбеген салыктын суммасы аныкталса, салык кызматынын органдары салык текшерүүсүнүн материалдарын төмөнкүдөй учурларда укук сактоо органдарынын кароосуна жиберет:
1) эгерде тиешелүү билдирүү мыйзамдуу күчүнө кирсе жана билдирүүгө салык төлөөчү тарабынан даттануу берүүнүн ушул Кодексте белгиленген мөөнөтүнүн ичинде салык төлөөчү салык кызматынын жогору турган органына же сотко даттанбаса жана билдирүү көрсөтүлгөн салык суммасы билдирүүдө белгиленген мөөнөттө салык төлөөчү тарабынан төлөнбөсө;
2) эгерде билдирүүдө салык төлөөчүнүн даттануусуна карата ыйгарым укуктуу салык органынын же соттун мыйзамдуу күчүнө кирген тиешелүү чечими болсо.
4. Салык кызматынын органдары жана алардын кызмат адамдары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган башка милдеттерди да аткарышат.