Кыргыз Республикасынын аймагында чет мамлекеттердин жалпыга маалымдоо каражаттарынын кабарчыларын аккредиттөө жөнүндө жобо


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2000-жылдын 19-апрелиндеги N 215
токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын аймагында чет
мамлекеттердин жалпыга маалымдоо каражаттарынын
кабарчыларын аккредиттөө жөнүндө
жобо

I. Жалпы жоболор

1. Маалыматтын бардык формаларын эркин жана кеңири жайылтууну, бул тармакта чет мамлекеттер менен кызматташууну кеңейтүүнү, журналистерди жана башка жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлерин укуктук жактан коргоону камсыздоону жана алардын адистик ишмердүүлүктөрүн ишке ашырууга жагымдуу шарттарды түзүүнү, 1948-жылдагы адам укуктарынын Бардык декларациясынын жана 1966-жылдагы граждандык жана саясий укуктар жөнүндө Эл аралык пактынын, 1975-жылдагы Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча Кеңешменин Корутунду актысынын, маалымат жана гуманитардык тармактарда кызматташуу боюнча ОБСЕнин кийинки документтеринин жоболорун сактоонун зарылчылыгын эске алып, Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк кабарчылардын адистик ишмердүүлүктөрүн жүзөгө ашырууга уруксат берилет.
2. Кыргыз Республикасынын аймагында аккредиттелген чет өлкөлүк кабарчылардын укуктук абалы жана адистик ишмердүүлүктөрүнүн Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары, ушул Жобо жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери аркылуу жөнгө салынат.
3. Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарынын кабарчылары катары, алардын граждандыгына карабастан, мезгилдүү басмалардын, радио, теле, видео жана кинохроникалуу программалардын, жалпыга маалымдоону мезгилдүү таратуунун башка формаларынын өкүлдөрү аккредиттелүүгө укугу бар.

II. Чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарынын
кабарчылар пункттарын ачуу жана чет өлкөлүк
кабарчыларды аккредиттөө

4. Кыргыз Республикасынын "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" Мыйзамынын 22-статьясынын биринчи бөлүмүнө ылайык чет өлкөлөрдүн жалпыга маалымдоо каражаттары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында өздөрүнүн кабарчыларын аккредиттөөгө жана кабарчылардын пункттарын ачууга укуктуу.
Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк кабарчыларды аккредитөө Кыргыз Республикасынын "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" Мыйзамынын 10-статьясынын бешинчи бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан жүргүзүлөт.
Чет өлкөлүк кабарчы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен макулдашуу аркылуу мамлекеттик органдардын же коомдук бирикмелердин алдында аккредиттеле алышат.
5. Чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарынын кабарчыларынын пунктун ачуу, чет өлкөлүк кабарчыларды туруктуу же убактылуу аккредитациялоо тууралуу кайрылуу жазуу жүзүндө кызыкчылыгы бар жалпыга малымдоо каражаттарынын жетекчилиги аркылуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жиберилет.
Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражатынын кабарчыларынын пунктун ачуу, четөлкөлүк кабарчыларды туруктуу же убактылуу аккредиттөө тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине кайрылуу менен кошо массалык маалымат каражатынын жетекчисинин колу коюлган расмий бланкага жазылган кат же ал тиешелүү өлкөнүн Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн дипломатиялык нотасы, жалпыга маалымдоо каражаты жөнүндө маалымат, ошондой зле кабарчынын өмүр баяны, кабарчылык ишмердүүлүгү тууралуу маалымат жана эки сүрөтү берилүүгө тийиш.
6. Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражатынын кабарчыларынын пунктун ачуу тууралуу чечим тиешелүү кайрылууну алгандан кийин, эки андан ашпаган мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Улуттук Коопсуздук министрлиги менен макулдашуудан соң Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан кабыл алынат.
7. Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк кабарчыны туруктуу негизде аккредиттөө тууралуу чечим Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги тарабынан тийиштүү кайрылууну алгандан соң Кыргыз Республикасынын Улуттук Коопсуздук министрлиги менен макулдашуу менен эки айдан ашпаган мөөнөттө кабыл алынат. Аккредиттелген чет өлкөлүк кабарчы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинен эки жылдык мөөнөттүн ичинде күчүндө боло турган аккредиттөөчү күбөлүк алат.
8. Чет өлкөлүк кабарчыны убактылуу аккредиттөө тууралуу чечим Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан жазуу жүзүндөгү кайрылууну алган күндөн тартып 15 күндөн ашпаган, мүмкүн болушунча андан азыраак убакытта кабыл алынат. Кыргыз Республикасына келгенден кийин Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан ага 3 ай күчүндө болотурган убактылуу аккредиттөөчү күбөлүк берилет. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алдында убактылуу аккредиттелген адам катары өздөрүнүн редакцияларынын атайын ташпырмалары менен Кыргыз Республикасына келгендер, ошондой эле мурдагы келген кабарчы ооруп калса, эмгектик эсалуу алган болсо, же башка өлкөгө иш сапар менен кеткен болсо, аны алмаштыруу үчүн келгендер саналат.
9. Чет өлкөлүк кабарчынын үй-бүлө мүчөлөрүнө Тышкы иштер министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук министрлиги менен макулдашуудан соң кабарчы алган мөөнөткө кабарчынын үй-бүлө мүчөсүнүн карточкасы берилет.
10. Чет өлкөлүк кабарчыдан аккредиттөөчү күбөлүк үчүн каттоо жыйымдары алынбайт.
11. Эгерде чет өлкөлүк кабарчы аккредиттөөчү күбөлүгүн жоготуп алса, жоготкондугу тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигин 3 күндөн кеч эмес убакытта кабарлоого милдеттүү. Чет өлкөлүк кабарчынын аккредиттөөчү күбөлүгүнүн көчүрмөсүн берүү тууралуу маселе, ошондой кабарды алган күндөн кийин 5 күндүн аралыгында каралат.
12. Убактылуу келген чет өлкөлүк кабарчынын болуу убактысы же аккредиттөөчү күбөлүгүнүн мөөнөтү бүткөндөн кийин, ал күбөлүктү Тышкы иштер министрлигине тапшырууга, же болбосо мөөнөтү аяктардан мурда 15 күндөн кеч эмес убакытта аккредиттөөчү күбөлүктүн мөөнөтүн узартып берүү тууралуу өтүнүч менен кайрылууга милдеттүү.
Аккредиттелген чет өлкөлүк кабарчы жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилиги тарабынан жаңы кайрылуунун негизинде кайрадан аккредиттелиши мүмкүн. Кайрадан аккредиттөө тууралуу чечим Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан бир айдын ичинде кабыл алынат.
13. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги чет өлкөлүк кабарчыны аккредиттөөнү, эгерде Кыргыз Республикасынын "Кабарчынын адистик ишмердүүлүгүн коргоо жөнүндө" Мыйзамынын 12-статьясынын биринчи бөлүмүндө каралган укук бузуулар болгон учурларда, ошондой эле Граждандык жана саясий укуктар жөнүндө Эл аралык Пактынын 19- жана 20-статьяларынын негизинде токтотуп коюшу мүмкүн.
14. Кыргыз Республикасы эл аралык же ич ара иш-чараларды (съезддерди, конгресстерди, форумдарды, семинарларды ж.б.у.с.) өткөрүп, ал иш-чараны чагылдыруу максатында чет өлкөлүк кабарчыларга чакыруу жиберсе, анда кабарчы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан визалык колдоо алып, чакыруу боюнча баруу үчүн документтерди толтурат. Чет өлкөлүк кабарчылар Кыргыз Республикасынын кабыл алуучу ведомстволорунда жана уюмдарында катталат жана алар кабарчыларды ушул Жобонун мазмуну менен тааныштырат. Кыргыз Республикасынын кабыл алып жаткан ведомстволорунда жана уюмдарында катталгандан кийин ушул категориядагы чет өлкөлүк кабарчылар Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине тиешелүү түрдө кабарлоодон соң, келген мөөнөтүнө карата убактылуу аккредитация алышат.
15. Кыргыз Республикасында катталган чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин, аскердик атташе аппараттарынын кызматкерлери, авиакомпаниялардын, банктардын, соода-өнөр жайлык жана ортомчу фирмалардын өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, наркотиктерди мыйзамсыз айлантууга, жана башка каршылаш күчтөр аркылуу курал-жарактарды соодалоого жана башка бузуп-жартуучу күчтөргө тиешеси бар эл аралык террористик, диний-экстремистик чөйрөлөр кызматташуусуна карата шек саналган адамдар, ошондой зле өзүнүн иш-аракеттери менен Кыргыз Республикасынын аймагында өлкөнүн коомдук-саясий абалына терс таасирин тийгизген жана иштин абалын туура чагылдырууга тоскоол болгон адамдар чет өлкөлүк кабарчы катары аккредиттелбейт жана кабарчылардын пункттарындагы техникалык кызматчылар катары катталбайт.

III. Чет өлкөлүк кабарчылардын укуктары
жана милдеттери

16. Чет өлкөлөрдүн граждандыгына ээ чет өлкөлүк кабарчылар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын "Кабарчынын адистик ишмердүүлүгүн коргоо жөнүндө" Мыйзамынын 5- жана 7-статьяларында, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын тиешелүү эларалык келишимдеринде каралган милдеттерди жана укуктарды колдонушат.
17. Аккредитация алган чет өлкөлүк кабарчылар Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан бажылык көзөмөлдөөнүн эрежелерине ылайык, адистик ишмердүүлүгүн ишке ашырууга керектүү жабдыктарды, басма, кол жазма, аудио, видео жана фотоматериалдарды, ошондой эле жашоо-тиричилигине керектүү буюмдарды алып келип жана чыгарып кете алышат.
18. Чет өлкөлүк кабарчылар өздөрүнүн материалдарын, радио, видео жана теле маалыматтарын, эч кандай цензурасыз өздөрүн жиберген органдарга эркин бергенге укуктары бар.
19. Аккредиттелген чет өлкөлүк кабарчыларга алардын автордук укуктарын жана адистик сырларын сактоого кепилдик берилет.
20. Аккредиттелген чет өлкөлүк кабарчылар жана кабарчылардын пункттарынын техникалык кызматкерлери, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык корпуска кызмат көрсөтүүчү тиешелүү бөлүмдөрүнүн кызматтарын пайдалана алышат.
21. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алдында аккредиттелген чет өлкөлүк кабарчылар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү чет мамлекеттердин граждандарын жеке коногу катары чакыра алышат. Алардын Кыргыз Республикасына келишине виза жана мыйзамдаштыруу маселелерин чечүү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан жүзөгө ашырылат.
22. Аккредиттелген чет өлкөлүк кабарчылар Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнүн мүчөлөрү аркылуу бекитилген уставын негизинде иштеген адистик ассоциация түзө алышат.
23. Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк кабарчылар - Кыргыз Республикасынын саясий, социалдык-экономикалык жана маданий турмушу жөнүндө маалыматтарды объективдүү жайылтууга, жалпы таанылган журналисттик этиканы сыйлоого тийиш.
24. Чет өлкөлүк кабарчыларга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын атайын уруксаты талап кылынган объектерден жана райондордон тышкары Кыргыз Республикасынын бардык жерлеринде эркин жүрүүгө укук берилет.
25. Аккредиттелген чет өлкөлүк кабарчылар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү Кыргыз Республикасында адистик ишмердүүлүктөрүн ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасында аларга берилген укуктарды колдонуу менен Кыргыз Республикасынын Конституциясын сыйлоого, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка нормативдик актыларын сактоого милдеттүү.
26. Чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарынын кабарчылары (техникалык кызматкерлери) катары аккредиттелген Кыргыз Республикасынын граждандары чет өлкөлүк кабарчынын статусун адистик иштерин аткарып жаткан учурда гана колдонушат.

IV. Маалымат булактарын пайдалануу

27. Кыргыз Республикасынын "Журналисттердин адистик ишмердүүлүктөрүн коргоо жөнүндө" Мыйзамынын 5-статьясына, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон эл аралык келишимдерге ылайык чет өлкөлүк кабарчылар өздөрүнүн адистик милдеттерин жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык улуттук коопсуздук кызыкчылыгында жайылтууга мүмкүн эмес материалдардан тышкаркы бардык маалыматтардын расмий, коомдук, жеке жана башка булактарын эркин пайдалана алышат маалыматтын жана анын булагынын жашырындыгын камсыздоого укуктуу.
28. Аккредиттелген чет өлкөлүк кабарчыларга Кыргыз Республикасындагы бардык расмий пресс-конференцияларга, брифингдерге жана зарылчылык болсо жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн уюшулган иш-чараларга катышууга мүмкүндүк берилет.

V. Техникалык кызматкерлер жана тейлөөчү
персоналдар

29. Аккредиттелген чет өлкөлүк кабарчылар техникалык кызматкер жана тейлөөчү персонал катары Кыргыз Республикасынын граждандарын ишке алууга укугу бар.
Чет өлкөлүк жалпыга маалымдооо каражаттарынын кабарчыларынын пункттарындагы техникалык кызматкерлер катары граждандыгына карабастан кабарчылардын пунктунда продюссерлер, редакторлор, катчы-котормочулар жана теле жана киноапаратураларды, байланыш каражаттарын тейлеген адистер катталышы мүмкүн.
Кабарчылардын пункттарында жогорудагылардан башка иштерди аткарчу адамдар тейлөөчү персоналдарга кирет.
30. Аккредитацияланган чет өлкөлүк кабарчылар техникалык кызматкерлер жана тейлөөчү персонал катары өз мамлекеттеринин же башка чет өлкөлөрдүн граждандарын ишке алышы мүмкүн. Алардын келиши жана катталуусу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин уруксаты менен жүзөгө ашырылат.
31. Техникалык кызматкерлер Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде катталат жана эки жылдык мөөнөткө күчүндө боло турган атайын күбөлүк алышат, ал күбөлүктөр тийиштүү өтүнүч болгон учурда узартылат. Техникалык кызматкер күбөлүгүн жоготуп алган учурда тийиштүү четөлкөлүк кабарчы ал тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине кабарлоого милдеттүү. Көчүрмөсүн берүү тууралуу маселе беш күндүн аралыгында каралат.
32. Техникалык кызматкерлер жана тейлөө кызматкерлери журналисттик иш жүргүзө алышпайт.

VI. Чет өлкөлүк кабарчылардын визалык маселелери жана
аларды Кыргыз Республикасына келишин мыйзамдаштыруу

33. Аккредиттөөгө уруксат алган чет өлкөлүк кабарчыларга кирүү жана чыгуу визалары Кыргыз Республикасынын тиешелүү өлкөдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрү же консулдук мекемелери Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен макулдашуу боюнча жазуу жүзүндөгү кайрылуу түшкөн күндөн тартып бир айдан ашпаган убакытта берилет.
34.Туруктуу аккредиттелген чет өлкөлүк кабарчыны убактылуу алмаштырууда (эмгектик эс алууда кезинде, ооруп калганда, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерге иш-сапарга чыкканда, ж.б.у.с.) алмаштырууга келген чет өлкөлүк кабарчыга кирүү жана чыгуу визалары Кыргыз Республикасынын ошол тиешелүү чет мамлекеттеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө же консулдук мекемелерине, же болбосо Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жазуу жүзүндө кайрылуу түшкөн күндөн тартып санаганда эки жуманын ичинде берилет.
35. Эгерде алардын ортосунда башка келишимдери жок болсо, Кыргыз Республикасы менен эки тараптуу макулдашуулары же келишимдери бар мамлекеттердин жалпыга маалымдоо каражаттарынын туруктуу же убактылуу катталган кабарчыларына, алардын кайсы жерде жашагандыгына карабастан, бир жылдык мөөнөткө көп жолку кирүү жана чыгуу визалары берилет.
36. Тиешелүү жалпыга малымдоо каражаттарынын жетекчилиги тарабынан аныкталган мөөнөткө Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк кабарчы жана анын үй-бүлө мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин виза жана чет өлкөлүк граждандарды каттоо бөлүмүндө, дем алыш жана майрам күндөрүн кошпогондо, үч күндүн аралыгында өздөрүнүн улуттук паспортторун каттатууга милдеттүү. Чет өлкөлүк кабарчы жана анын үй-бүлө мүчөлөрү өздөрүнүн улуттук паспортторунун жарактуулук мөөнөтүнөн ашпаган мөөнөткө гана катталат.