Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты тууралуу Жобо


Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин Төрагасынын
2011-жылдын 10-февралындагы
N 23-ОД тескемеси менен
бекитилген

Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин Аппараты тууралуу
Жобо

I. Жалпы жоболор
II. Аппараттын негизги милдеттери жана иш милдеттери
III. Аппараттын түзүмү
IV. Аппараттын жетекчиси
V. Аппарат жетекчисинин орун басарлары
VI. Аппараттын түзүмдүк бөлүкчөлөрү
VII. Аппараттын кызматкерлерин дайындоонун жана бошотуунун тартиби
VIII. Аппараттын кызматкерлеринин укуктары жана милдеттери
IX. Корутунду жоболор

I. Жалпы жоболор

1.1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты (мындан ары - Аппарат) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (мындан ары - Жогорку Кеңеш) депутаттарынын, комитеттеринин, убактылуу комиссияларынын, депутаттык фракциялардын, Жогорку Кеңештин Төрагасынын (мындан ары Төрага), Төраганын орун басарларынын иштерин уюштуруучулук, укуктук, маалыматтык-талдоочулук, документтик, программалык-техникалык жактан камсыз кылууну жүзөгө ашыруучу туруктуу иштөөчү орган болуп саналат.
1.2. Аппараттын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты" деген аталышы бар атайын бланкы болот.
1.3. Жогорку Кеңештин ишинин ырааттуу улануучулугун сактоо жана туруктуулугун камсыз кылуу максаттарында, Жогорку Кеңештин же анын айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганда, ошондой эле Жогорку Кеңеш мөөнөтүнөн мурда таратылган жана анын депутаттарынын жаңы курамын шайлоо учурунда, депутаттардын консультанттарын жана депутаттык фракциялардын ишин камсыз кылуучу кызматкерлерди кошпогондо, Аппараттын мамлекеттик кызматкерлеринин иши токтотулбайт.
1.4. Аппарат өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, эл аралык келишимдерди, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Жогорку Кеңештин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Төраганын, анын орун басарларынын тескемелерин, Аппарат Жетекчисинин, анын орун басарларынын тескемелерин жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
1.5. Депутаттардын консультанттарынан жана депутаттык фракциялардын ишин камсыз кылуучу кызматкерлерден башка Аппараттын кызматкерлери өз иштерин жүзөгө ашырууда алардын кызматтарынын партиядан тышкары туруу принциптеринен келип чыгышат. Кызматтык милдеттерин аткарууда алар саясий партиялардын, кыймылдардын жана башка коомдук бирикмелердин чечимдери менен байланышпайт.
1.6. Аппаратта кесиптик бирлештиктерди кошпогондо, саясий партиялардын диний, коомдук бирикмелердин түзүмдөрү уюштурулушу мүмкүн эмес. Аппараттын кызматкерлери иш таштоолорго, ошондой эле Аппараттын иштешине тоскоолдук кылуучу башка аракеттерге катышууга укуксуз.
1.7. Аппарат анын компетенциясына кирген маселелердин алкактарында, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана мамлекеттик бийликтин башка органдарынын, Кыргыз Республикасынын сот бийлик органдарынын, ошондой эле чет мамлекеттердин парламенттеринин аппараттары менен бирликте аракеттенет.
1.8. Аппараттын түзүмү, штаттык саны, кызматкерлерин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуунун шарттары, ошондой эле аны күтүү чыгымдары Жогорку Кеңеш тарабынан, аны күтүү чыгымдарынын сметасынын чектеринде, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эмгек акы төлөөнүн шарттарын эске алуу менен аныкталат.
1.9. Аппараттын ишин жалпы контролдоо Төрага тарабынан жүзөгө ашырылат.

II. Аппараттын негизги милдеттери жана иш милдеттери

2.1. Жогорку Кеңештин ишин уюштуруучулук, укуктук, маалыматтык-талдоочулук, документтик, программалык-техникалык жактан натыйжалуу камсыз кылуу Аппараттын негизги милдети болуп саналат.
2.2. Жогоруда көрсөтүлгөн милдеттерди ишке ашыруу үчүн Аппаратка төмөнкү иш милдеттер жүктөлөт:
- Жогорку Кеңештин жыйналыштарын, комитеттердин, убактылуу комиссиялардын, депутаттык фракциялардын, коалициялардын жыйналыштарын, парламенттик угууларды, Жогорку Кеңеш тарабынан өткөрүлүүчү башка иш чараларды даярдоону жана өткөрүүнү уюштурууну камсыз кылуу;
- мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери тарабынан Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилген мыйзам долбоорлорунун ар түрдүү экспертизаларын жүзөгө ашыруу;
- мыйзам долбоорлорун даярдоого, аларды талкуулоого, ийине жеткире иштеп чыгууга жана кызыкдар уюмдар жана мекемелер менен макулдашууга, келип түшкөн түзөтүүлөрдү жалпылоого катышуу;
- мыйзам долбоорлорун кароонун жүрүшүндө пайда болгон пикир келишпестиктерди чечүү үчүн колдонулуучу макулдашуу жолжоболорун укуктук, талдоочулук, маалыматтык жана уюштуруучулук жактан коштоо;
- анын чечимдерине жана жыйналыштарынын стенограммаларына ылайык, ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду, редакциялык түзөтүүлөрдү Жогорку Кеңеште кабыл алууга киргизүү жана белгиленген мөөнөттөрдө аларды Кыргыз Республикасынын Президентине кол коюуга жөнөтүү;
- Жогорку Кеңештин токтомдорун даярдоо;
- Жогорку Кеңештин жыйналыштарында кабыл алынган протоколдук тапшырмаларды, депутаттык суроо-талаптарды даярдоо, депутаттар тарабынан Жогорку Кеңештин жыйналыштарында айтылган сунуштарды жана сын пикирлерди жалпылоо, чара көрүү үчүн аларды тийешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтүү; алардын аткарылышын контролдоону уюштуруу;
- мыйзам долбоорлорун жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга илимий-изилдөө мекемелеринин окумуштууларын жана адистерин, ишканалардын, уюмдардын, коомдук бирикмелердин өкүлдөрүн тартуу, ошондой эле алардын экспертизаларын жүргүзүү;
- өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн маанилүү маселелери боюнча мыйзам долбоорлорун жана Жогорку Кеңештин токтомдорун парламенттик угууларда талкуулоону уюштуруу;
- Жогорку Кеңештин парламенттер аралык жана эл аралык байланыштарын камсыз кылуу;
- Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын аткарылышын контролдоо боюнча иштерге катышуу;
- Жогорку Кеңештин келечектеги жана агымдагы мыйзам чыгаруу жумуштарын пландоого катышуу;
- Жогорку Кеңештин депутаттарына алардын ыйгарым укуктарын ишке ашырууларына көмөк көрсөтүү;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын, маалымдама жана маалыматтык-талдоочулук материалдардын фонддорун түзүү жана тутумдаштыруу;
- Жогорку Кеңештин, анын органдарынын, Төраганын жана анын орун басарларынын, депутаттардын иштерин жалпыга маалымдоо каражаттарында ар тараптан жана объективдүү чагылдырууну камсыз кылуу;
- Жогорку Кеңештин ишин программалык-техникалык жактан камсыз кылуу;
- иш кагаздарын жүргүзүүнү, жашыруундук жана мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтарды, жана башка мыйзам менен корголуучу маалыматтарды коргоо тартибин сактоону камсыз кылуу;
- Аппараттын кызматкерлерин кайра даярдоону жана кесиптик даярдыктарын жогорулатууну уюштуруу;
- чет өлкөлөрдүн мыйзам чыгаруучу органдарынын аппараттарынын иш тажрыйбаларын иликтөө, жалпылоо жана иш тажрыйбага киргизүү;
- Жогорку Кеңештин, анын органдарынын чечимдерине, Төраганын жана анын орун басарларынын тескемелерине ылайык башка ишмилдеттерди аткаруу.

III. Аппараттын түзүмү

3.1. Аппараттын түзүмүнө төмөнкүлөр кирет:
Аппарат Жетекчиси;
Аппарат Жетекчисинин биринчи орун басары жана орун басарлары;
Аппараттын башкармалыктары, бөлүмдөрү жана секторлору;
комитеттердин ишин камсыз кылуучу бөлүмдөр.
3.2. Аппараттын курамына ошондой эле басма сөз-катчысы, Төраганын кеңешчилери жана жардамчылары, Төраганын орун басарларынын кеңешчилери, депутаттык фракциялардын лидерлеринин кеңешчилери, Жогорку Кеңештин депутаттарынын жардамчылары жана консультанттары, депутаттык фракциялардын бөлүмдөрү (секторлору) кирет.

IV. Аппараттын жетекчиси

4.1. Аппараттын жетекчиси Төраганын тескемеси менен кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
4.2. Аппараттын жетекчиси:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлигинин башка аткаруу органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, Кыргыз Республикасынын сот органдарынын аппараттары, ошондой эле чет мамлекеттердин парламенттеринин жана парламенттер аралык уюмдардын аппараттары менен өз ара мамилелерде Аппараттын атынан чыгат;
- Аппараттын ишин уюштурат, ага жүктөлгөн ишмилдеттердин аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат;
- Жогорку Кеңештин, фракциялардын, комитеттердин, комиссиялардын чечимдерин, Жогорку Кеңештин Төрагасынын жана анын орун басарларынын тескемелерин, тапшырмаларын камсыз кылат; Төраганын тескемелерин жана тапшырмаларын аткаруу боюнча Жогорку Кеңеш тарабынан шайланган жана Жогорку Кеңештин ишин уюштуруу маселелери боюнча Жогорку Кеңешке отчет берип турган мамлекеттик органдардын жетекчилерине тапшырмаларды берет жана Жогорку Кеңештин, фракциялардын, комитеттердин, комиссиялардын жыйналыштарында каралуучу маселелерди даярдоону жана алардын аткарылышын контролдоону камсыз кылат;
- Аппараттын түзүмдүк бөлүкчөлөрүнүн ишин жүргүзүү маселелерин аныктайт, алардын өз ара аракеттеринин тартибин белгилейт, алардын ишин координациялайт жана контролдойт;
- Аппараттын түзүмү жана кызматкерлеринин штаттык саны жөнүндө Төрагага сунуш киргизет, Аппараттын түзүмүн өркүндөтүү боюнча иштерди уюштурат;
- Жогорку Кеңештин токтомдорунун, протоколдук тапшырмаларынын, Төраганын жана анын орун басарларынын тескемелеринин, Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган башка чечимдердин аткарылышы үчүн контролдоону уюштурууну камсыз кылат;
- Жогорку Кеңештин жыйналыштарын жана анын башка иш-чараларын өткөрүүнү даярдоого жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат;
- Аппараттын түзүмдүк бөлүкчөлөрү жөнүндө жобону бекитет;
- Аппаратта мамлекеттик кызмат өтөөгө байланыштуу маселелерди чечет;
- Аппараттын түзүмдүк бөлүкчөлөрүнүн жетекчилерин жана алардын орун басарларын кызматка дайындоо жана кызматтан бошотуу маселелери боюнча Төрагага сунуштоо киргизет;
- мамлекеттик кызматтын кенже инспекторунун, мамлекеттик кызматтын 3, 2 жана 1-классынын инспекторунун, мамлекеттик кызматтын 3, 2 жана 1-класстагы кеңешчисинин класстык чиндерин ыйгаруу, ажыратуу, төмөндөтүү жөнүндө сунуштоо киргизет;
- Аппараттын жана Иш башкармалыгынын компетенциясына кирген иш аракеттердин маселелери боюнча тапшырмаларды берет жана тескемелерди чыгарат;
- өз орун басарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт; өзүнүн тескемеси менен Аппараттын Жетекчисинин айрым ыйгарым укуктарын ага баш ийген кызмат адамдарына берет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

V. Аппарат жетекчисинин орун басарлары

5.1. Аппарат Жетекчисинин биринчи орун басары жана орун басарлары Төраганын тескемеси менен кызматка дайындалышат жана кызматтан бошотулушат.
5.2. Аппарат Жетекчисинин биринчи орун басары Аппарат Жетекчиси жок болгон учурда анын ордунда иштейт, бөлүштүрүлгөн милдеттерге ылайык айрым иш милдеттерди аткарат.
5.3. Аппарат Жетекчисинин орун басарлары Аппараттын бекитилген түзүмүнө жана бөлүштүрүлгөн милдеттерге ылайык Аппараттын түзүмдүк бөлүкчөлөрүнүн ишин координациялайт жана контролдойт, милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө жараша айрым иш милдеттерди аткарат.

VI. Аппараттын түзүмдүк бөлүкчөлөрү

6.1. Аппараттын түзүмдүк бөлүкчөлөрү өз иш милдеттерин Аппараттын Жетекчиси тарабынан алар жөнүндө бекитилген жобого ылайык аткарышат.
6.2. Жогорку Кеңештин комитеттеринин ишин камсыз кылуучу бөлүмдөрдүн кызматкерлери тарабынан аткарылуучу функционалдык милдеттер жана иш көлөмү тиешелүү комитеттердин ишинин багыттарын эске алуу менен аныкталат.
6.3. Функционалдык милдеттер жана иш көлөмү:
- басма сөз-катчыларына, Төраганын кеңешчилерине жана жардамчыларына Төрага тарабынан аныкталат;
- Төраганын орун басарларынын кеңешчилерине Төраганын орун басарлары тарабынан аныкталат;
- депутаттык фракциялардын лидерлеринин кеңешчилерине депутаттык фракцияларынын лидерлери тарабынан аныкталат;
- депутаттык фракциялардын бөлүмдөрүнүн (секторлорунун) кызматкерлерине тиешелүү депутаттык фракциялардын лидерлери тарабынан аныкталат.

VII. Аппараттын кызматкерлерин дайындоонун
жана бошотуунун тартиби

7.1. Аппаратта мамлекеттик кызматтардын Реестрине киргизилген кызмат орундарын ээлеген кызматкерлер мамлекеттик кызматкерлер болуп саналышат.
7.2. Аппараттын штаттык тизмесине мамлекеттик кызматтын Аппаратка тиешелүү болгон бөлүгүндөгү мамлекеттик кызматтарда каралган тизмек менен белгиленген тартипте бекитилген кызмат орундары киргизилет.
7.3. Аппараттын бөлүм башчылары жана алардын орун басарлары Аппарат Жетекчисинин сунуштоосу боюнча Төраганын тескемеси менен кызматка дайындалышат жана кызматтан бошотулушат.
7.4. Комитеттердин ишин камсыз кылган бөлүмдөрдүн башчылары жана алардын орун басарлары Аппарат Жетекчисинин сунуштоосу жана тиешелүү комитеттердин Төрагалары менен макулдашуу боюнча Төраганын тескемеси менен кызматка дайындалышат жана кызматтан бошотулушат.
7.5. Депутаттык фракциялардын ишин камсыз кылган бөлүмдөрдүн башчылары жана алардын орун басарлары тиешелүү депутаттык фракциянын лидеринин сунуштоосу боюнча Төраганын тескемеси менен кызматка дайындалышат жана кызматтан бошотулушат.
7.6 Төраганын кеңешчилери, жардамчылары жана басма сөз-катчысы Төраганын тескемеси менен кызматка дайындалышат жана кызматтан бошотулушат.
7.7. Төраганын орун басарларынын кеңешчилери Төраганын тиешелүү орун басарлары менен макулдашуу боюнча Төраганын тескемеси менен кызматка дайындалышат жана кызматтан бошотулушат.
7.8. Депутаттык фракциялардын лидерлеринин кеңешчилери тиешелүү депутаттык фракциянын лидерлеринин макулдугу боюнча Төраганын тескемеси менен кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
7.9. Жогорку Кеңештин депутаттарынын жардамчылары жана консультанттары Жогорку Кеңештин тиешелүү депутаттары менен макулдашуу боюнча Аппарат Жетекчисинин тескемеси менен кызматка дайындалышат жана кызматтан бошотулушат.
7.10. Ишке алуу:
- Төраганын кеңешчилери, жардамчылары жана басма сөз-катчысы, Жогорку Кеңештин тиешелүү Төрагасынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүндө жүзөгө ашырылат;
- Төраганын орун басарларынын кеңешчилери Жогорку Кеңештин Төрагасынын тиешелүү орун басарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүндө жүзөгө ашырылат;
- депутаттык фракциянын лидерлеринин кеңешчилери Жогорку Кеңештин депутаттык фракциясынын тиешелүү лидеринин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүндө жүзөгө ашырылат;
- депутаттардын жардамчылары жана консультанттары Жогорку Кеңештин тиешелүү депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүндө жүзөгө ашырылат;
- депутаттык фракциялардын бөлүмдөрүнүн (секторлорунун) кызматкерлери Жогорку Кеңештин тиешелүү депутаттык фракцияларынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүндө жүзөгө ашырылат.
7.11. Аппараттын түзүмдүк бөлүкчөлөрүнүн башка кызматкерлери ал түзүмдүк бөлүкчөлөрдүн жетекчилеринин сунуштоосу боюнча Аппарат Жетекчисинин тескемеси менен кызматка дайындалышат жана кызматтан бошотулушат.
7.12. Жогорку Кеңештин жана Аппаратын ишин техникалык жактан камсыз кылуу максатында Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгынын штаттык расписаниесине кызмат орундары каралат, ага кызматкерлер Аппарат Жетекчиси менен макулдашуу боюнча кабыл алынат.

VIII. Аппараттын кызматкерлеринин
укуктары жана милдеттери

8.1. Аппараттын кызматкерлери төмөнкүлөргө укуктуу:
- Жогорку Кеңештин жыйналыштарына, Төраганын, Төраганын орун басарларынын, тиешелүү комитеттердин төрагаларынын жана Аппарат Жетекчисинин даярдоого өздөрү катышкан маселелерди кароо кеңешмелерине катышууга;
- Төраганын, Төраганын орун басарларынын, Аппарат Жетекчисинин же анын орун басарларынын, Аппараттын түзүмдүк бөлүкчөлөрүнүн жетекчилеринин уруксаты менен ишке зарыл болгон маалыматтарды жана материалдарды министрликтерден, административдик ведомстволордон белгиленген тартипте сурап алууга;
- маалыматтык ресурстарды, байланыштын жана коммуникациянын мамлекеттик, анын ичинде өкмөттүк тутумун белгиленген тартипте колдонууга;
- кызматка алуу учурунда кызматкерлер менен бекитилген эмгек макулдашуусунун шарттарын талап кылууга;
- Аппараттын профсоюздук уюмун түзүүгө;
- өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарынын мазмунун жана көлөмүн жазуу жүзүндө жол-жоболоштурууну жана аларды аткаруу үчүн зарыл шарттарды түзүүнү талап кылууга;
- алардын ар-намысын жана беделин кемсинткен маалыматтарды төгүндөө үчүн кызматтык териштирүүнү талап кылууга.
Аппараттын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ушул Жободо, ошондой эле кызматтык нускамаларда каралган башка укуктарга ээ.
8.2. Аппараттын кызматкерлери төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Аппараттын түзүмдүк бөлүкчөлөрү жөнүндө жобого жана кызматтык нускамаларга ылайык өздөрүнүн функционалдык милдеттерин кесипкерлик, өз мезгилинде жана ак ниеттүүлүк менен аткарууну камсыз кылууга;
- мамлекеттик кызматтын принциптерин сактоого;
- Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларды жетекчиликке алуу менен өздөрүнүн кызматтык парзын калыс аткарууга;
- тартипти сактоого жана кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн жекече жооп берүүгө;
- мамлекеттик, кызматтык жана башка мыйзам менен корголгон, анын ичинде мыйзам менен белгиленген тартипте мамлекеттик кызматты токтоткон мезгилдин ичинде жашыруун сырды сактоого;
- мамлекеттик мүлккө жана менчикке сарамжал мамиле жасоону жана сактоону камсыз кылууга;
- мамлекеттик кызматты өтөөгө байланышкан чектөөлөрдү өзүнө кабыл алууга.
8.3. Аппараттын кызматкерлери төмөнкүлөргө укуксуз:
- илимий, окутуучулук жана башка чыгармачыл иштерден тышкары акы төлөнүүчү кызматтык иштен башка иштер менен алектенүүгө;
- жеке өзү же болбосо өзүнүн ишенимдүү адамдары аркылуу ишкерлик аракеттер менен алектенүүгө;
- Жогорку Кеңеште үчүнчү жактагы адамдардын иштери боюнча өкүлү болууга;
- мамлекеттик, кызматтык жашыруун сырды, ошондой эле кызматтык ыйгарым укуктарды аткарууга байланыштуу аларга белгилүү болгон жеке турмушуна, жарандардын ар-намысы жана беделине тиешелүү маалыматтарды ачыкка чыгарууга.
8.4. Өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарбагандыгы, кызматтык ыйгарым укуктарын ашырып жибергендиги жана эмгек тартибин бузгандыгы үчүн Аппараттын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликтерди тартышат.

IX. Корутунду жоболор

9.1. Аппараттын кызматкерлеринин эмгек шарты мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзам, эмгек мыйзамы, ошондой эле кызматтык нускамалар менен аныкталат.
9.2. Аппараттын кызматкерлеринин кызматтык милдеттери, укуктары жана жоопкерчиликтери мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамда, "Кыргыз Республикасынын Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, ошондой эле ушул Жободо, түзүмдүк бөлүкчөлөр жөнүндө жободо, кызматтык нускамаларда каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен эмгек мыйзамдары аркылуу аныкталат.
9.3. Аппараттын кызматкерлерине эмгек акы төлөө, материалдык, материалдык-техникалык жана социалдык-турмуш тиричилик, анын ичинде медициналык жана маданий жактан камсыз кылуунун шарттары Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын кызматкерлерин камсыз кылуунун деңгээлине ылайык деңгээлде белгиленет.
9.4. Аппараттын кызматкерлерине жыл сайын төлөнүүчү эмгек өргүү берүү жана анын узактыгы Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндө мыйзамдарына ылайык аныкталат.
9.5. Аппараттын ишин финансылык жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгы тарабынан жүзөгө ашырылат.
9.6. Ушул Жобого өзгөртүү Аппарат Жетекчисинин макулдугу менен киргизилет.