Кыргыз Республикасында телевизиондук жана үндүк берүүлөрдү өнүктүрүүнүн Концепциясы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 19-сентябрындагы
N 581 токтому менен
жактырылган

Кыргыз Республикасында телевизиондук жана үндүк берүүлөрдү өнүктүрүүнүн Концепциясы

I. Жалпы жоболор
II. Максаттары жана милдеттери
III. Концепциянын актуалдуулугун негиздөө
IV. Мамлекеттик саясаттын негизги багыттары
V. Цифралык телевизиондук жана үндүк берүүлөрдү колдонууга
киргизүү боюнча уюштуруу-техникалык иш-чаралар
VI. Цифралык телевизиондук жана үндүкберүүлөрдү радиожыштык
жактан камсыздоо
VII. Маалыматтык коопсуздук
VIII. Концепцияны ишке ашыруудан күтүлгөн натыйжалар

I. Жалпы жоболор

Азыркы учурда телекөрсөтүү жана радио коомдун руханий өнүгүшүнө, экономикалык өсүшкө, социалдык туруктуулукка жана жарандык коомдун институттарынын өнүгүшүнө таасир этүүчү маанилүү жалпыга маалымдоо каражаттарына айланды. Өлкөнүн маданиятынын курамдык бөлүгү болуп саналуу менен телекөрсөтүү жана радио тилдин, каада-салттардын сакталышына, коомдун материалдык дөөлөттөрүнүн шкаласын түзүүгө, ошондой эле социалдык жана саясий климатка таасирин тийгизет. Бишкек шаарында, ошондой эле өлкөнүн региондорунда көп сандагы коммерциялык жана жеке менчик телевизиондук жана радиоберүү студиялары пайда болду.
Кыргыз Республикасында телевизиондук жана үндүк берүүлөрдү өнүктүрүү дүйнөлүк көптөгөн параметрлерден: укуктук, экономикалык, программалардын саны жана берүүлөрдүн техникалык сапаты жагынан арттакалат.
Кыргыз Республикасында телевизиондук жана үндүк берүүлөрдү өнүктүрүүнүн бул Концепциясы (мындан ары - Концепция) жалпыга маалымдоо каражаттарын өнүктүрүүнү камсыздоого багытталган укуктук, уюштуруучулук жана техникалык иш-чаралардын комплексин иштеп чыгуу, ошондой эле берүүлөрдүн аналогдук системасынан берүүлөрдүн цифралык форматына өтүү жана бирдиктүү транспорттук тармак түзүү үчүн негиз болуп саналат.
Цифралык берүү - бул биринчи кезекте көрсөтүүнүн эң мыкты сапаттары менен кыйла көп сандагы каналдарды калктын көрүшү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү. Цифралык берүүлөргө өтүү - бул техникалык гана эмес, ошондой эле маанилүү социалдык, маданий, экономикалык жана саясий маселе.
Транспорттук платформа өзүнө космостук сегментти (спутниктик телевизиондук жана радиоканалдар) жана жердеги сегменттерди (телевизиондук жана радиобергичтер, магистралдык радиорелейлик телевизиондук жана радиоканалдар, ошондой эле жердеги кеңири тилкелүү булалуу-оптикалык тармактар) камтыйт.
Концепцияда көрсөтүлгөн чечимдерди ишке ашыруунун натыйжасында радиотелепрограммаларды бардык жерлерде таркатуунун, коштоочу жана жаңы кызмат көрсөтүүлөрдү берүүлөрдүн заманбап системасы, Кыргыз Республикасынын алдыңкы өлкөлөр менен бирдей шарттарда дүйнөлүк маалыматтык мейкиндикке киришине өбөлгөлөрдү жана Кыргыз Республикасында бирдиктүү маалыматтык мейкиндикти түзөт.
Кыргыз Республикасынын ар түрдүү географиялык жана климаттык шарттары, аймактар боюнча калктын ар кандай жыштыгы радиотелевизиондук сигналдарды таркатуунун ар кандай техникалык ыкмаларын комплекстүү колдонууну аныктады. Калк үчүн кыйла жеткиликтүү болуп саналуучу орнотулган телевизиондук жана радиоберүү диапазондорундагы телевизиондук жана үндүк программалардын трансляциясынын эфирдик ыкмасы басымдуу болуп саналат.
Берүүчү телевизиондук жана радиоберүү станциялары, кабыл алгыч борборлор, радиотрансляциялык түйүндөр жана тармактар жана телевизиондук жана үндүкберүүлөрдүн башка техникалык каражаттары берүүлөрдү уюштуруу үчүн колдонулат.
Эл аралык телевизиондук жана үндүк берүүлөр мамлекеттик тышкы саясаттын шайманы катары башка мамлекеттердин аймагында Кыргыз Республикасынын маалыматтык жактан катышуусун камсыздоого, республиканын чегинен сырткары жашаган этностук кыргыздардын улуттук, маданий жана башка укуктары менен мыйзамдуу таламдарын ишке ашырууга көмөктөшүүгө тийиш. Мындан сырткары дүйнөнүн негизги тилдеринде (англис, француз, немец, испан ж.б.) синхрондук котормону колдонуу чет өлкөлүк аудиторияны кеңейтүүгө жана республика жөнүндө аларга объективдүү маалымат берүүгө мүмкүндүк берет.

II. Максаттары жана милдеттери

Бул Концепция Кыргыз Республикасынын телерадиоберүү тармактарын модернизациялоо милдеттерине ылайык телевизиондук жана радиоберүүлөрдү өнүктүрүү чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун негизги артыкчылыктарын, принциптерин жана багыттарын аныктайт.
Кыргыз Республикасынын телерадиоберүү тармактарын пайдалануунун негизги максаты мамлекеттик маалыматтык системаны камтуучу, алардын иштешин, жарандык коом, ошондой эле жеке менчик телерадиокомпаниялар менен акы төлөтүүчү жана акысыз кызматтарды көрсөтүүнүн чектеринде өз ара аракетин камсыздоочу жалпы маалыматтык-технологиялык инфраструктураларды түзүүнүн негизинде мамлекеттик башкаруу механизмдеринин натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат.
Электрондук жалпыга маалымдоо каражаттарын өнүктүрүү, Кыргыз Республикасынын маалыматтык мейкиндигин кеңейтүү, телевизиондук жана үндүкберүүлөр жаатында өндүрүштүн жаңы технологияларын өздөштүрүү, тышкы рынокто атаандашууга жөндөмдүү продукцияларды (контентти) жогорулатуу.
Коюлган максаттарга жана милдеттерге жетишүү үчүн төмөнкүлөр зарыл:
- телевизиондук жана үндүкберүүлөрдүн иштеши жана аларды өнүктүрүү үчүн мыйзамдык базаларды дайыма жаңылап туруу;
- республиканын ичинде жана чет өлкөлөрдө телевизиондук жана үндүкпрограммаларынын трансляциясын жана ретрансляциясын уюштуруу;
- кыргыз өндүрүшүнүн программаларынын трансляциясы жөнүндө чет өлкөлүк аудиторияга маалымат берүү;
- спутниктик жана жердеги сегменттерди камтуучу бирдиктүү транспорттук платформа түзүү;
- телерадиоберүү тармаганын бирдиктүү маалыматтык мейкиндигин жана корголгон маалыматтык чөйрөсүн түзүү, берүүлөрдүн цифралык форматына өтүүнү ишке ашыруу;
- Кыргыз Республикасында жаңы муундун бирдиктүү өндүрүштүк комплексин түзүү жана берүүлөрдүн цифралык технологиясына өтүү максатында телерадиоберүү тармактарынын инфраструктурасын модернизациялоо;
- контентти берүүчүлөрдөн жана өндүрүүчүлөрдөн жердеги жана спутниктик каналдар боюнча берүүлөрдүн программаларын алуу;
- телепрограммаларды коммутациялоо жана сапатын техникалык контролдоо;
- керектөөчүлөрдүн суроо-талаптары боюнча телепрограммаларды архивдештирүү жана архивден берүү;
- Кыргыз Республикасынын телерадиоберүү тармагын пайдалануу чөйрөсүндө стандарттарды иштеп чыгуу.

III. Концепциянын актуалдуулугун негиздөө

Бул Концепцияны ишке ашыруу мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын милдеттерин аткарууга көмөктөшөт.
Жалпыга маалымдоо каражаттарынын курамдык бөлүгү катары цифралык телевизиондук жана үндүк берүүлөрдү өнүктүрүү төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:
- Кыргыз Республикасындагы саясий, экономикалык жана социалдык абал жөнүндө чет өлкөлөрдө калыс коомдук пикирди түзүүнү камсыздоо;
- улуттук кинематографтардын мыкты чыгармаларын трансляциялоо, кыргыз адабиятынын чыгармаларын экрандаштыруу, ошондой эле элдик чыгармачылык жөнүндө берүүлөр аркылуу маданиятты жана искусствону өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
- Кыргыз Республикасынын тарыхы жана улуттук дөөлөттөрү жөнүндө таанып-билүүчү берүүлөрдү, маданий жана башка иш-чаралар тууралуу оюн-зоок программаларын трансляциялоо аркылуу Кыргыз Республикасынын туризм үчүн жагымдуу кадыр-баркын калыптандырууга көмөктөшүү;
- ата мекендик илим жана техниканын жетишкендиктери тууралуу илимий-популярдуу жана таанып-билүүчү берүүлөрдү трансляциялоо аркылуу Кыргыз Республикасынын илимий, билим берүү жана маданий өнүктүрүү таламдарында интеллектуалдык жана илимий ресурстарды, инвестицияларды тартууга көмөктөшүү;
- эл аралык практиканы эске алуу менен Кыргыз Республикасынын телерадиоберүү тармагын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында мыйзамдык жана башка нормативдик укуктук базаны өркүндөтүү.

IV. Мамлекеттик саясаттын негизги багыттары

Массалык коммуникациялардын өнүгүшүнүн азыркы шарттарында өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жана мамлекеттүүлүктү чыңдоонун стратегияларына жооп берүүчү телерадиоберүүнү өнүктүрүүгө принциптүү жаңы көз караш зарыл. Мындай мамиле бул чөйрөдө жүргүзүлүүчү мамлекеттик саясаттын биринчи кезектеги төмөнкүдөй милдеттерин аныктайт:
- телекөрсөтүү жана үндүкберүү иштеринде жүрүп жаткан процесстерди мамлекеттик укуктук жөнгө салуунун жаңы концепциялык мамилелерин иштеп чыгуу, мыйзамдарды өркүндөтүү, ошондой эле социалдык маанидеги чыгармачылык продукцияларга мамлекеттик заказды түзүү жана ишке ашыруу;
- Кыргыз Республикасында телевизиондук жана үндүкберүүлөрдүн мамлекеттик (улуттук) жана коомдук тармагын түзүү;
- маданий көп түрдүүлүктү колдоонун кубаттуу каражаты катары Кыргыз Республикасында телевизиондук жана үндүкберүүлөрдүн мамлекеттик (улуттук) жана жеке менчик тармагын колдоо жана өнүктүрүү, ошондой көрүүчүлөрдүн (жарандык коомдун) кызыкчылыктарын коргоо;
- социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу милдеттерин чечүүгө, коргонуу жөндөмдүүлүгүн жана өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыздоого, калкты жана өлкөнүн аймактарын табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан сактоого Кыргыз Республикасынын телерадиоберүү тармагын пайдалануу процесстерин баш ийдирүү;
- телерадиоберүү саясатынын учурдагы жана стратегиялык артыкчылыктарын аныктоо маселелерине коомчулукту тартуу механизмдерин издөө;
- инновациялык долбоорлорду жана программаларды колдоо, мамлекеттик структуралардын коммерциялык жана коомдук уюмдар менен өнөктөштүк (мамлекеттик-жеке) өз ара аракетин уюштуруунун негизинде телерадиоберүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын натыйжалуу ишке ашырууга мүмкүндүк берүүчү институттарынын заманбап системасын түзүү;
- жарандык коомдун жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен телевизиондук жана радиопрограммаларын жайылтууда бирдиктүү саясатты жөнгө салуу жана жүргүзүү максатында коомдук координациялык кеңешти түзүү;
- дүйнөлүк маданий процесске активдүү интеграциялоо жана мамлекеттик тилде эл аралык телевизиондук программаларды түзүү;
- башка мамлекеттердин аймактарында Кыргыз Республикасынын маалыматтык катышуусун кеңейтүү;
- коомдо телевизиондук жана үндүкберүүлөрдүн жардамы менен айрым топтордун таасиринен эркин болгон туура маалымат берүүдөгү укуктук гарантияларды түзүү;
- республиканын региондук берүүлөрүн өнүктүрүү;
- акы төлөтүүчү кызматтарды, анын ичинде интерактивдүү телекөрсөтүүнү, суроо-талап боюнча жогорку тактыктагы телекөрсөтүүнү, видеону, Интернет тармагына жеткиликтүүлүктү, мультимедиа кызматтарын уюштуруу;
- Кыргыз Республикасында телевизиондук жана үндүкберүүлөр тармагын модернизациялоо жана берүүлөрдүн цифралык технологиясына этап-этабы менен өтүү, инвестициялык жана кредиттик ресурстарды тартуу;
- спутниктик жана оптобулалуу сегменттер аркылуу, ошондой эле радиорелейлик каналдар (стволдор) боюнча телевизиондук жана радиопрограммаларды жеткирүү;
- Кыргыз Республикасында спутниктик цифралык телевизиондук жана радиоберүүлөрдүн системасын, ошондой эле Интернет, мультимедиа жана башкалар сыяктуу кошумча кызмат көрсөтүүлөрдүн мүмкүнчүлүктөрү менен мультисервистик тармактарды түзүү аркылуу өлкөнүн аймагын телевизиондук жана радиоберүүлөр менен толук камтуу;
- мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктарды коргоону эске алуу менен улуттук, региондук, жергиликтүү программаларды чыгаруу жана таркатуу үчүн шарттарды түзүү;
- телерадиоберүү тармагында мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун маанилүү шарты аны электрондук жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана массалык коммуникациялардын бирдиктүү комплекси катары өнүктүрүү болуп саналат;
- өздүк каражаттарды тартуу менен өзүбүздүн тармактарды, ошондой эле үлүштүк катышуунун эсебинен аралаш берүүлөр тармагын түзүү жана өнүктүрүү үчүн Кыргыз Республикасында мамлекеттик, коомдук жана мамлекеттик эмес телевизиондук жана радиоберүүлөр үчүн бирдей укуктар менен шарттарды камсыздоо;
- телевизиондук жана үндүкпрограммаларын таркатууга зарыл документтерди жана лицензия алуу жол-жоболорун өркүндөтүү;
- маалыматтык продуктуну акыркы керектөөчүгө чейин жеткирүүнүн бирдиктүү системасын, менчигинин түрүнө карабастан (медиа-холдинг жана медиа-компания) ар кандай телерадиокомпаниялар үчүн рынокто бирдей шарттарды, ошондой эле резервдик берүүлөрдү түзүү;
- телевизиондук жана үндүкпрограммаларын таркатуу үчүн мультиплекстерди түзүү тартибин аныктоо;
- медиа-бизнес (медиа-холдинг жана медиа-компания) конкреттүү контент менен, ошондой эле көп түрдүү программаларды камтуу менен иштөөгө тийиш;
- көп программалуу жана адистештирилген контентти даярдоо жана ошону менен бирге көрүүчүлөргө программаларды тандоону камсыздоочу шарттарды түзүү;
- цифралык берүүлөргө өтүүнү телерадиоберүү компанияларынын өкүлдөрү менен алдын ала кеңири талкуулоо;
- телекөрүүчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоо, бирдиктүү маалыматтык мейкиндикти сактоо максатында жана эл аралык стандарттарды эске алуу менен телерадиоберүү тармагын модернизациялоо жана цифралык берүүлөргө өтүү боюнча бирдиктүү жалпы республикалык программаларды иштеп чыгуу.

V. Цифралык телевизиондук жана үндүк
берүүлөрдү колдонууга киргизүү боюнча
уюштуруу-техникалык иш-чаралар

Туура чечүү тиешелүү иш-чараларды иштеп чыгууну талап кыла турган төмөнкүдөй уюштуруу-техникалык проблемалар бар, алардын ийгилиги өлкөнүн цифралык телевизиондук жана үндүкберүүлөрдүн дооруна киришине жараша болот:
- цифралык телевизиондук жана радиоберүүлөрдү радиожыштык жагынан камсыздоо;
- цифралык телевизиондук жана радиоберүүлөрдү лицензиялоонун жаңы системасына өтүү;
- цифралык телевизиондук жана үндүкберүүлөрдүн бүткүл ар түрдүүлүгүн: жердеги (DVB-Т, DVB-Н); спутниктик (DVB-S), кабелдик телеберүү (DVB-С) жана ММDS (DVB-MMDS), ошондой эле Е-DАВ үндүк радиоберүүнү өз ара макулдашып колдонууга киргизүү үчүн бирдиктүү мамилени иштеп чыгуу;
- цифралык телевизиондук жана радиоберүүлөрдүн региондук тажрыйба зоналарын уюштуруу;
- цифралык телевизиондук сигналды кабыл алуу үчүн калкты абоненттик приставкалар менен камсыздоо;
- Кыргыз Республикасында аналогдук берүүлөрдөн цифралык телевизиондук жана радиоберүүлөргө өтүү боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу;
- мамлекеттик жана коммерциялык цифралык телевизиондук жана үндүкберүүлөр тармагында тарифтик саясатты өркүндөтүү.

VI. Цифралык телевизиондук жана үндүкберүүлөрдү
радиожыштык жактан камсыздоо

Аналогдук телевизиондук жана үндүк берүүлөрдөн цифралык технологияларга өтүү масштабдуу окуя болуп саналат, бул бүткүл дүйнөдө жүрүп жатат жана телевизиондук, радиожабдуулардын бүткүл паркын алмаштырууга гана эмес, ошондой эле цифралык берүүлөр үчүн жаңы эл аралык жыштык планын киргизүүгө да байланыштуу.
Цифралык телевизиондук жана радиоберүүлөрдү толук көлөмүндө пландаштыруу Кыргыз Республикасынын радиожыштык спектрин конверсиялоонун натыйжасында гана мүмкүн болот. Кыйла өздөштүрүлгөн диапазондордо радиожыштык спектринин конверсиясы өлкөдө цифралык жердеги жана спутниктик телевизиондук жана үндүкберүүлөрдүн келечектүү тармактарын жана башка келечектүү системасын кеңири өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылат.
Радиожыштык спектрлерин колдонуу боюнча негизги багыттар:
- радиожыштык спектрлерин бөлүштүрүүнүн жана колдонуунун нормативдик жана укуктук базаларын өркүндөтүү;
- аналогдук жана цифралык телевизиондук жана үндүкберүүлөр тармагын жыштык жагынан пландаштыруу жана эсептөө методдорун өркүндөтүү;
- теле жана радиоберүүлөрдү жыштык жагынан пландаштыруунун техникалык негиздерин жана критерийлерин иштеп чыгууга жарандык коомду катыштыруу;
- өлкөнүн радиожыштык спектрин башкаруунун мамлекеттик автоматташтырылган системасын түзүү;
- үндүк жана телевизиондук берүүлөрдүн техникалык каражаттар тармагынын жыштык пландарын, анын ичинде республиканын бүткүл аймагы үчүн цифралык системаларды иштеп чыгуу, ошондой эле аларды эл аралык-укуктук жактан коргоо боюнча иштерди жүргүзүү;
- ар кандай багыттагы радиоэлектрондук каражаттардын электромагниттик сыйгычтыгын баалоо боюнча методологиялык камсыздоону өркүндөтүү жана бир түргө келтирүү;
- республиканын региондору боюнча жыштыктардын конкреттүү тилкелериндеги болгон оорчулуктарды талдоо;
- телевизиондук жана үндүкберүүлөрдүн максаттары үчүн радиожыштык спектрине конверсиялоо жүргүзүүнүн талаптарын жана шарттарын иштеп чыгуу.

VII. Маалыматтык коопсуздук

Маалыматтык коопсуздуктун жалпы кабыл алынган негизги жоболоруна ылайык мамлекеттик маалыматтык системалар менен ресурстардын коопсуздугунун, алардын бүтүндүгү менен жашырындуулугунун зарыл деңгээлин камсыздоо маалыматты санкцияланбаган жеткиликтүүлүктөн же өзгөртүүдөн коргоонун бирдиктүү талаптарын колдонууга негизделген.
Мамлекеттик маалыматтык системаларды колдонууну жана санкцияланбаган иш-аракеттерден коргоону контролдоо мамлекеттик маалыматтык системалар менен иштөөдө мониторинг жүргүзүүнүн жана операцияларды эсепке алуунун комплекстүү системасынын негизинде камсыздалууга тийиш.
Кыргыз Республикасынын телерадиоберүү тармактарынын корголуш деңгээлин жогорулатуунун негизги багыттары төмөнкүлөр болуп саналат:
- ар кандай мамлекеттик органдарда, ошондой эле ар кандай телевизиондук жана радиокомпанияларында маалыматтык коопсуздуктун деңгээлин дифференциялоонун зарылдыгын эске алуу менен анын милдеттерин чечүүгө комплекстүү мамилени камсыздоо;
- маалыматтык коопсуздук коркунучтарынын моделин иштеп чыгуу; техникалык талаптарды жана критерийлерди аныктоо, аларды коргоо жана тиешелүү талаптардын сакталышын көзөмөлдөө каражаттары боюнча чараларды иштеп чыгуу;
- маалыматтык коопсуздуктун абалына натыйжалуу мониторинг жүргүзүүнү камсыздоо;
- мамлекеттик маалыматтык системаларды коргоо жагынан нормативдик укуктук жана методикалык базаларды өркүндөтүү;
- мамлекеттик маалыматтык системаларга мамлекеттик бийликтин ыйгарым укуктуу органдары тарабынан аттестациялоо жүргүзүү жана аларды маалыматтык коопсуздуктун талаптарына ылайык келишин контролдоо;
- Кыргыз Республикасынын телерадиоберүү тармагында атайын багыттагы физикалык жактан өзгөчөлөнгөн сегментти түзүү;
- маалыматтык коргоо каражаттарын, коопсуздукту камсыздоо системасын өнүктүрүү, жалпы колдонуудагы маалыматтарды иштеп чыгуунун корголгон каражаттарын өнүктүрүү жана өркүндөтүү.

VIII. Концепцияны ишке ашыруудан
күтүлгөн натыйжалар

Цифралык телерадиоберүүнү азыркы учурда ишке киргизүү жана өнүктүрүү аткаруу бийлик органдарынын, ишканалардын, мекемелердин жана илимий уюмдардын, мамлекеттик жана коммерциялык телерадиоберүүчү компаниялардын, коомдук уюмдардын жана жалпы эле жарандык коомдун кеңири катышуусун болжолдойт.
Коомдун цифралык телерадиоберүүгө мамилеси көп жаганан мамлекеттик жана коммерциялык телерадиоберүүчү компаниялар сунуштаган программалык продукты (контент) жана калкка заманбап кызмат көрсөтүүлөрдүн бүткүл комплексин, анын ичинде берүүнүн тийиштүү каналдарында интерактивдик берүү мүмкүнчүлүктөрү менен аныкталат.
Ушул Концепцияга ылайык мыйзамдык жана нормативдик укуктук актыларды өз учурунда иштеп чыгуу жана кабыл алуу өлкөдө цифралык телерадиоберүүнү колдонууга киргизүүгө жана өнүктүрүүгө байланыштуу бүткүл процессти кыйла натыйжалуу координациялоого жана жөнгө салууга мүмкүндүк берет.
Бул концепция ата мекендик жана чет өлкөлүк компаниялардын инвестициялык жана кредиттик ресурстарын тартуу маселелерин иштеп чыгуу, монополизмди чектөө, атаандаштыкты өнүктүрүү үчүн шарт түзүү жана дүйнөлүк маалыматтык шериктештикке шайкеш интеграциялоону камсыздоо, ошондой эле телерадиоберүү чөйрөсүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү боюнча зарыл чечимдерди кабыл алуу жана Кыргыз Республикасында телекөрсөтүү жана үндүк берүүлөргө өтүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаны даярдоо үчүн негиз болуп саналат.